Депозиттерди коргоо агенттигине жетекчи дайындалды

Депозиттерди коргоо агенттигине жетекчи дайындалдыЭркебай Мурзабеков  Депозиттерди коргоо агенттигинин аткаруучу директору болуп дайындалды. Бул тууралуу жарлыкка мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 22-ноябрда,  кол койду.

Эркебай Мурзабеков 1964-жылы 18-январда Баткен облусунун Жаңы-Жер айылында туулган. 1986-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин аяктаган. Буга чейин “Залкар банк”, РСК банкта башкы директор ж.б. кызматтарда иштеген. Кыргыз, орус тилдеринен тышкары, англис тилинде эркин сүйлөйт.
Ал эми Жыргалбек Касымов жана Саматбек Жумашев Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинин аткаруучу директору кызматтарынан бошотулду.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты