“Вечерний Бишкектин” ээси Александр Рябушкин камалды

“Вечерний Бишкектин”  ээси Александр Рябушкин камалды “Вечерний Бишкек” басма үйүнүн ээси Александр Рябушкин 21-ноябрда камакка алынды. Бул тууралуу ИИМ билдирди.

ИИМ иликтөөсүндө А. Рябушкиндин кызмат абалынан кыянат пайдалангандыгы, материалдык зыян келтирип, документтерди жасалмалап-оңдогону боюнча кылмыш иштери козголду жана тергелип жатат.

Тергөө  учурунда бир катар кылмыш иштеринин бети ачылууда.

Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту 2016-жылдын 5-февралындагы жана Бишкек шаардык сотунун 2016-жылдын 15-июлундагы чечими менен, «Вечерний Бишкек» басма үйү,  «Вечерний Бишкек» гезити жана «www.vb.kg», интернет-сайты, «Жаны агым»,  «МСН» гезит редакциялары, «Рубикон» рекламалык фирмасы жана, басмакана Эркин Мамбеталиевге  1 млн сом  моралдык чыгым төлөп берүүгө чечим чыккан.

Ошондой эле 2015-жылдын 28-августунда “Вечеринй Бишкек” басма үйүнөн Икрамжан Илмияновго да моралдык чыгымы катары дагы 1 млн сом төлөп берүү чечими чыккан.

2016-жылы 21-октябрда «Вечерний Бишкек» басма үйүнүн директору Мурат Божокоев менен Александр Рябушкин  Эркин Мамбеталиевге соттун чеиминдеги моралдык чыгымга деген 1 млн. сомду ошол эле күнү  кассадан санап беришкен.

А. Рябушкинге кылмыш иши бир нече беренелер менен козголду, атап айтсак, алдамчылык, кызматчыларын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу, жасалма документ жасоо боюнча. Ал иш тергелип жаткандыгын ИИМ кабарлады.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты