Ибраимов менен Илмияновдун жактоочусунун талабы четке кагылды

Ибраимов менен Илмияновдун жактоочусунун талабы четке кагылды21-ноябрда Жогорку Сот коллегиясында борбордун экс-мэри Албек Ибримов менен экс-президент мурдагы кенешчиси Икрамжан Илмияновдун жактоочусу Сергей Слесаревдун даттануусу каралып, ал канаттандырылган жок.   А. Ибраимов камакта жыл аягына, 28-декабрга чейин, И. Илмиянов 28-ноябрга чейин отурмакчы.

А. Ибраимовго  “Дастан” ишканасындагы мыйзам бузууга байланыштуу  30-майда Кылмыш-жаза кодексинин 171-беренеси («Кызмат абалын пайдалануу менен ишенип берилген мүлктү өзүнө ээлеп алуу жана коротуу») менен кылмыш иши козголгон.

Илмияновго өткөн жылдагы шайлоо учурунда “Дизель-комплект” компаниясынвн демөөрчүлүк иретинде алынган 150 миң доллар каражат боюнча айып коюлуп, 28-ноябрга чейин камакка алынган.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты