Митингчилер “Илим Карыпбеков тууганын кызматка алып келди” дешет (Видео)

Коомдук телерадиокорпорациянын айдоочулары иш ташташкан. Анын себеби, КТРКнын авто-транспорт цехинин жетекчиси Рерих Абакировдун себепсиз жумуштан алынышы болгон.

Коомдук теле радиокорпорациясынын айдоочусу Арсланбек Курмановдун айтымында,  басым жасап, жетекчиге арыз жаздыртууга аракет кылышкан:

КТРКнын дагы бир айдоочусу Бектурсун Текинбаев жаңы жетекчи Илим Карыпбековдун “Манас” аэропортунда чогуу иштеген инилеринин бири болоорун айтты.

КТРКнын авто-транспорт цехинин жетекчиси Рерих Абакиров:

“Илим Карыпбеков өзүнө чакырып туруп, “Туура түшүнчү. Кыргыздар ушундай турбайбызбы. Тууган-урук деген бар экен. Бирөөгө сөз берип койдум эле. Ошого ордуңду беришим керек болуп жатат.” десе, мен арыз жазып туруп, кетип калмакмын.”

Коомдук теле-радиокорпорациясынын баш директору Илим Карыпбеков Facebook социалдык баракчасына мындай жагдай ар бир иште болуп тураарын айтып, расмий билдирүү жасады:

— КТРКнын структурасында «Республикалык радио-телецентр» РРТЦ деген өзүнчө юридикалык уюм иш алып барат. КТРКнын структурасында болгону менен, бул уюм өзүнчө мамлекеттик мекеме болуп эсептелет. КТРКнын автотранспорттору дагы бул мекемеге тиешелүү. Кыскасы КТРКны транспорт жана техника менен камсыз кылган уюм.

Бүгүн чынында эле бул уюмдун шоопурлары кызматка чыгуудан баш тартышкан. Мен жыйын ордуна барып шоопурлар менен жолугушуп, алардын негизги талабын угуп келдим. Негизги талабы — гараждын башкармасы Рерих Абакировду кызматтан убактылуу кызматтык теришитирүү учурунда четтетүүгө каршы чыгышкандыгын билдиришти.

Азыркы тапта КТРКда КТРКнын РРТЦ структуралык мекемесинин автотранспорттук гараждын ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча атайын комиссия түзүлгөн. Бул комиссия өзүнүн ишин аяктап чыга элек. Комиссиянын иши ар-тараптуу, объективдүү болуусу жана Комиссиянын ишине аркандай тоскоолдуктар болбошу үчүн Р. Абакировду убактылуу гараждын башкармалыгынан четтетүү чечими кабыл алынган. Бул чечим менен макул болбостон, шоопурлар кызматка чыгуудан баш тартышкан. Шоопурлар менен чогулуш болуп бүттү. Алардын дооматтарын угуп, Р. Абакировду убактылуу четтетүү чечими жокко чыгарылып, КТРКнын РРТЦ структуралык бөлүмүнүн автотранспорттук гаражын текшерүүгө расмий укук коргоо органдарын жана КР Эсеп Палатасынын адистерин чакыруу чечими кабыл алынды. Бул тапта жыйын бүттү, шоопурлар өз ишине киришти. Бул КТРКнын күнүмдүк иштеринин бир учуру. Мындай маселелер арбир жумушта болот жана бул маселелер мыйзам чегинде өз учурунда каралып турат.

Ырысбү Кылычбек кызы

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты