Курманбек Бакиев “Кумтөр иши” боюнча күнөөлүү деп табылып, 10 жылга эркинен ажыратылганы маалым болду

  • 11 месяцев мурун

Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиев “Кумтөр иши” боюнча күнөөлүү деп табылып, мүлкүн конфискациялоо менен 10 жылга эркинен ажыратылды. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту ушул жылдын мартында кабыл алган. 

Соттун өкүмүндөгү маалыматка ылайык, Курманбек Бакиевге аталган иш боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренесинин 2-бөлүмүнүн (Уюшкан топтун, кылмыштуу коомдоштуктун кызыкчылыгында жасалган же оор залал алып келген ошол эле жосун) негизинде айып коюлган. Аны менен бирге уулу Максим Бакиев, анын өнөктөшү делген Алексей Елисеев жана Өкмөттүн алдындагы геология жана минералдык ресурстар мамлекеттик агенттигинин мурдагы жетекчиси Капар Курманалиев дагы айыпталган.

Өкүмдө 2009-жылы ошол кездеги президент Курманбек Бакиевдин калкалоосу менен Кумтөр кени боюнча кыргыз өкмөтү, “Кыргызалтын” ишканасы, “Центерра Голд”, “Кумтор Голд Компани” жана “Кумтор Оперейтинг Компанинин” ортосунда түзүлгөн келишим Кыргызстандын кызыкчылыгына туура келбегени айтылат. 

Бул иш боюнча жалпы жети адам күнөөлүү деп табылган. Алардын ичинен Бакиев Курманбек Салиевич 10 жылга, Бакиев Максим Курманбекович 13 жылга, Елисеев Алексей Александрович менен Торомырзаев Эмирлан Торомырзаевич 12 жылга, Курманалиев Капар Зарлыкович менен Джиенбеков Садриддин Мухидович 10 жылга, Белковская Елена Теодоровна 9 жылга эркинен ажыратылды.

Курманбек Бакиев ушул жылы майда Ютуб-каналдарда жарыяланган маегинде өзүнө карата экономикалык иштер боюнча кылмыш иши козголбогонун айткан.  

Белгилей кетсек, «Кумтөр иши» боюнча Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаев дагы айыпталып, бир канча жолу сурак берген.

Ага 1992-жылы «Кумтөр» долбоору боюнча башкы макулдашууну түзүү, ага 1994-жылы өзгөртүү киргизүү жана 2003-жылы «Камеко» компаниясы менен башкы макулдашууну реструктуризациялоодогу коррупцияга байланыштуу тагылган айыптардын баарын мөөнөтү өткөндүктөн кыскартылганын Башкы прокуратура билдирген.

Курманбек Бакиевге козголгон кылмыш иштери

Кыргызстанды 2005-жылдан 2010-жылга чейин башкарган Курманбек Бакиев 2010-жылдын апрелиндеги элдик толкундоолордон кийин өлкөдөн чыгып кетип, ошондон бери үй-бүлөсү менен Беларустун борбору Минскиде баш калкалап келет. 

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, анын жеке өзүнө жана жакындарына каршы онго жакын факты боюнча айып тагылган. 

Курманбек Бакиевге карата 2014-жылдын июнь айында  мүлкүн мамлекеттин пайдасына алуу менен өмүр бою эркинен ажыратуу өкүмү чыккан. Бишкек аскердик соту аны 2010-жылдын 7-апрелиндеги революция маалында 87 адамды атууга күнөөлүү деп тапкан.

Арадан эки жыл өткөндөн кийин 2016-жылы Жогорку сот мурдагы президент Курманбек Бакиевге карата мурда чыгарылган өмүр бою эркинен ажыратуу өкүмүн 30 жылдык жаза мөөнөтүнө өзгөрткөн. Жогорку сот бул чечимин Кылмыш-жаза кодексинин 50-беренесине ылайык, алтымыш жашка чыккан адамдар өмүр бою эркинен ажыратылбайт деген нормага таянып чыгарган.  

Башкы прокуратура 2021-жылы 4-августунда мурдагы президент Курманбек Бакиев Кыргызстандын аймагына келсе же укук коргоо органдары тарабынан алынып келинсе, 2016-жылдын 29-июлундагы соттун өкүмүнүн негизинде токтоосуз камакка алына турганы тууралуу билдирүү тараткан. 2023-жылы 17-январда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы Курманбек Бакиевдин Кыргызстанга келсе, токтоосуз камала турганын “Кактус.кж” басылмасына дагы бир жолу ырастаган. 

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты