Кыргызстан менен Казакстан биргелешкен өнөр жай соода-логистикалык комплексин курат

  • 1 год мурун

Кыргызстан менен Казакстан «Ак-Тилек» жана «Карасу» автожол постторунун аймагында биргелешкен өнөр жай соода-логистикалык комплексин курат. Бул тууралуу Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Министрликтен билдиришкендей, тиешелүү макулдашууга Астанада өткөн эл аралык форумдун алкагында Кыргызстандын экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев менен казак Казакстандын соода жана интеграция министри Серик Жумангари кол койду.

Макулдашууга ылайык, комплекс «Ак-Тилек» жана «Карасу» автожол постторунун аймагында курулат.

«Биргелешкен кыргыз-казак өнөр жай соода-логистикалык комплексин түзүү экспортко багытталган экономикалык жактан натыйжалуу долбоорлорду ишке ашырууга жана экономиканын айрым секторлорунун атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга, анын ичинде өндүрүштү жана сатууну башкаруунун алдыңкы технологияларын колдонуу аркылуу жогорулатууга мүмкүндүк берет«, — деп айтылат маалыматта.

Биргелешкен комплекстин ишиндеги артыкчылыктар болуп төмөнкүлөр саналат:
— өндүрүштүк кооперация, жаңы өндүрүштөрдү жана жумушчу орундарды түзүү;
— этти жана айыл чарба продукциясын сактоо жана кайра иштетүү;
— материалдык-техникалык жана бизнес объекттерин жакшыртуу;
— жаңы технологияларды тартуу;
— айыл чарба өндүрүшүн диверсификациялоо;
— айыл чарба продукциясын ташып келүү, сактоо жана кайра иштетүү;
— жогорку атаандаштык артыкчылыкка ээ болгон керектөөчү товарларды, анын ичинде тамак-аш жана айыл чарба продукцияларын өндүрүү;
— эл аралык товарларды бөлүштүрүү системаларына натыйжалуу интеграциялоо менен жаңы товарларды чыгаруу жана аларды андан ары сатуу;
— Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарында белгиленген талаптарды эске алуу менен ӨСЛКны түзүүнүн жана иштешинин максаттарына ылайык келген иштин башка түрлөрү.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты