Садыр Жапаров сомду Кыргызстандын ичинде басып чыгаруу үчүн керектүү техникалар алынганын маалымдады

  • 1 год мурун

Бүгүн, 9-июнда Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында улуттук валютанын 30 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өттү. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарага президент Садыр Жапаров дагы катышты. Ал куттуктоо сөзүн сүйлөп жатып улуттук валютанын киргизилиши өлкөнүн көз карандысыз өнүгүү жолун аныктап, өз алдынча акча-кредиттик саясат жүргүзүүгө шарт түзгөнүн билдирди.

«Кыргыз сому 30 жыл ичинде кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн туруктуулугунун символу жана өлкөнүн көз карандысыз экономикалык саясатынын негизги элементи болуп келди«, — деди президент.

Мындан тышкары, ал Кыргызстандын каржы системасы, улуттук төлөм, банк системасы дүйнөлүк каржы-экономикалык кризистердин таасирине карабастан, өзүнүн бекемдигин көрсөтүп, өнүгүп келе жатканын белгиледи.

Жапаров өз сөзүндө мамлекет тарабынан каржы рыногун колдоо максатында мамлекеттик банктардын капиталын жогорулатуу, эл аралык өнүктүрүү фонддорду ишке киргизүү, тийиштүү мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу сыяктуу тиешелүү чаралар көрүлүп жатканын кошумчалады.

Мамлекет башчысы жакын арада Кыргызстан улуттук валютанын банкнотторун республика ичинде басып чыгара баштарын, бул багытта тиешелүү иштер жүргүзүлүп, керектүү техника алынганын маалымдады.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты