«Жалгыз эле иним шектелип, дароо айып коюлганы туура эмес” — Облпрокурорду өлтүрүүгө шектелген Мелис К.нын эжеси Дарика

"Жалгыз эле иним шектелип, дароо айып коюлганы туура эмес” - Облпрокурорду өлтүрүүгө шектелген Мелис К.нын эжеси ДарикаБаткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун өлүмү боюнча шектүү катары камакка алынган  Мелис К. нын эжеси Дарика «ПолитКлиника” медиасына маек берип, 8 прокурордун ичинен жалгыз эле анын иниси камалганын, алгачкы көрсөтмөлөр адвокаты жок алынганын жана  иниси менен аны көрүштүрбөй жатканын билдирди.

Дарика, өлүмгө шектелген жарандын эжеси:

“Бир гана нерсени суранам: тергөө акыйкат болсун!”

-Иниңиз прокурорлорго кандайча кошулуп аңчылыкка барып калды?

—8 прокурор биригип, менин инимди, жалгыз чиновникти аңчылыкка кошуп барышыптыр. Иним облус, райондун прокурорлоруна “аңчылыкка алып барайын” деп айтпайт да. Алар инимди чогуу барып келели деп өздөрү чакырышкан.

Барганынын себеби мындай болгон:  Ошол окуядан бир күн мурун прокуратуранын канцеляриясында иштеген  байкебиз сүннөт той өткөргөн. Ошол тойдо иним прокурорлорду тейлеп жүргөндө, алар  чакырышкан.

Мен да ал тойго баргам, үйүмө жете албай, апамдыкына түнөп калгам. Апам “Балам, барбай эле кой. Аларга аралашуунун кереги жок” деп айтса, “Чоңдор айтса, барышым керек” деп  болбой кеткен.

Ал күнү кечинде эле каргашалуу окуя угулду. Мени апамдын үйүнө кайра чакыртышканда, “ Жууган колун аарчый электе эле алып кетишти” деп апам ыйлады.  “Эмнеге үйгө кирип, жулкуп-булкуп алып кетесиңер?” дегенине карабай, сөзгө келбей чыгып кетишиптир.  Андан мурун да жети-сегизи келиптир.

-Иниңиз кармалганда кызымтал болчу деген маалымат айтылган турбайбы…

—Иним бир топ жылдан бери спирттик ичимдик иччү эмес, куран кармаган жигит. Ичпеген кишини ичирип  коюшкан окшойт. Кызымтал кезинде алгачкы көрсөтмөнү бергенде жанында адвокаты да болбоптур.

Адвокатты убактылуу камоочу жайга киргизбей, иним менен көрүштүрбөй жатышат. Улам кийинкиге калтырышат, мына бүгүн, 21-ноябрда да киргизе элек. Ички иштер бөлүмүндө Баткенде дешсе, эми Ошко алып кетишиптир.

8 прокурор аңчылыкка бирге барса,  жалгыз менин иним шектүү катары кармалды. Жалгыз эле иним шектелип, дароо айып коюлганы туура эмес.  Менин оюмча, шектүү катары ал жакка баргандардын бардыгы кармалышы керек болчу. Мен, мисалы, мугалиммин. Мектепте эки бала урушса да, бардык тараптарды, көргөң-билгендерди сураштырабыз. Бул жерде чоң кылмыштуу окуя болуп жатса, ошол окуя ичинде болгондордун бардыгынан шектенип, сураштырып чыгыш керек деп эсептейм.

Анан да инимдин бою кичирээк, 1.60 см болот го, спорт менен машыкпаган эле бала. Орган кызматкерлери спорт менен машыгып жүргөн, алдуу-күчтүү болушат да. Кантип эле иним орган кызматкерин, прокурорду өлтүрүп койсун?!

Ал кыздардын арасында өскөн жалгыз бала, жапакеч, мээримдүү, маданияттуу бала.  Жада калса тоокту да соё албай, кошунасына сойдурат. Ага койду жездеси союп берет.

Кудайга шүгүр, элге рахмат, эл агылып келип, “андайга барбайт болчу, бул жалган жалаа” деп көңүл айтып жатышат.

Инимдин ишин териштирбей-карабай туруп эле актап бергиле дебейм, болгону тергөө калыс, бейтарап жүрүшүн суранаар элек.   Бул—жалаа.  Өкмөткө кайрылам, жогорку кызматтагылар, прокурорлор болуп жаткандан кийин  калыс, адилет териштиришсин, — деди облустук прокурорду өлтүрүүгө шектелген Мелис К.нын эжеси Дарика.

Шектелген адам ким?

Мелис К. 1979-жылы 22-апрелде туулган. Үй-бүлөлүү, төрт баласы бар. Мамлекеттик кызматтын 1-класстагы кеңешчиси. Баткен облсунун капиталдык курулуш башкармасынын башчысы.

Бир катар сыйлыктардын ээси. Жогорку Кеңештин грамотасы, Баткен мамлекеттик акимчилигинин грамотасы ж.б. сыйлыктар менен сыйланган.

Айта кетсек, Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыпов 17-ноябрдан 18-ноябрга караган түнү киши колдуу болуп каза тапкан.  Баткен облустук прокурордун өлүмүнө шектүү катары облустук капиталдык салым башкармасынын башчысы Мелис К. камакка алынган.

Мелис К. 1979-жылы 22-апрелде туулган. Үй-бүлөлүү, төрт баласы бар.

Мамлекеттик кызматтын 1-класстагы кеңешчиси, Жогорку Кеңештин, Баткен мамлекеттик акимчилигинин грамотасы менен сыйланган.

Бишкек гуманитардык университетинин “Политология” адистиги боюнча бүтүргөн, КР Президентинин алдындагы Академиянын магистри. Ошто юриспруденция факультетин аяктаган. Япониядан “Аймактык өнүгүү” боюнча сертификат алган.

2016-жылдын май айынан тартып Баткен облусунун капиталдык курулуш башкармасынын начальниги, андан мурун, 2015-2016-жылдары Жогорку Кеңеште иштеген, бөлүм башчы, 2011- 2012-жылдары Жаштар министрлигинде бөлүм башчы болгон ошол эле жерде башкармалыктын башчысы, 2009- 2010-жылдары КР президентинин секретариатында эксперт болуп иштеген.   2008-2009-жылдары – Жогорку Кеңеште этика жана регламент комитетинде  бөлүм башчынын орун басары болуп иштеген.

Айжан Айтышева 

Сүрөттө: Прокурордун өлүмүнө шектелген жаран.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты