“Росатом” Кыргызстанда чакан атомдук станция куруу долбоорун даярдап жатат

  • 1 год мурун

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кечээ, 8-июнда Сочиде Орусиянын “Росатом” корпорациясынын башчысы Алексей Лихачев менен жолукту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушууда тараптар алака-катыштын бардык маселелерин, анын ичинде уран калдыктарын рекультивациялоону, аз кубаттуу атомдук электр станцияларын куруу жана өзөктүк медицинаны талкуулашкан.

Акылбек Жапаров калдык сактоочу жайлар көйгөйүн республикалык жана аймактык деңгээлде комплекстүү чечүүгө багытталган иштерди улантуу зарылдыгын белгиледи. Лихачев Кыргызстандын аймагында чакан атомдук электр станциясын куруу долбоорун иштеп чыгуунун жүрүшү тууралуу маалымат берди. Кызматташтыктын бул багыты тууралуу консультацияларды улантуу макулдашылды”, — деп жазылат маалыматта.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги менен “Росатомдун” ортосунда кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюлду. Документке ылайык, Улуттук онкология жана гематология борборунун базасында онкологиялык жана башка ооруларды аныктоонун, дарылоонун прогрессивдүү ыкмалары колдонулган радиофармацевтикалык дарыкана жана молекулярдык визуализация борбору түзүлөт.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты