Президент Садыр Жапаров ЮНЕСКОнун башкы директору Одрэ Азулени кабыл алды

  • 1 год мурун

Президент Садыр Жапаров кечээ, 8-июнда Кыргызстанга расмий сапар менен келген ЮНЕСКОнун башкы директору Одрэ Азулени кабыл алды. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушууда климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин алдын алуу, маданий жана тарыхый мурастарды сактоо жана өнүктүрүү жаатында кызматташуу маселелери боюнча пикир алмашуу болду.

Жапаров Кыргызстан ЮНЕСКО менен кызматташууга, анын ичинде билим берүү жана илим жаатындагы эл аралык байланыштарды кеңейтүүгө кызыктар экенин билдирди.

Ал өлкөдө креативдүү индустрияны өнүктүрүү боюнча дагы чаралар көрүлүп жатканын кошумчалап, бул жаатта ЮНЕСКОнун көмөгүнө үмүт артарын айтты.

Жапаров жолугушууда климат маселесине дагы токтолуп, Кыргызстан акыркы ондогон жылдар бою туруктуу өнүгүү жана климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин чечүү үчүн эл аралык аренада тоолуу мамлекеттердин кызыкчылыктарынын активдүү жактоочусу бойдон калгандыгын эскертип өттү.

Биологиялык жана геологиялык ар түрдүүлүктү илгерилетүү боюнча долбоорлорду ишке ашыруу, илимий изилдөө, божомолдоо жаатында Кыргыз Республикасы менен ЮНЕСКОнун ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу жана этият пайдалануу аркылуу тоо экосистемаларын сактоого жана тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт деп ойлойм«, — деди Жапаров.

Одрэ Азуле ЮНЕСКО менен кызматташуу маселелеринде адамзаттын маданий жана тарыхый мурастарын сактоо ишинде Кыргызстандын активдүү позициясын канааттануу менен баса белгиледи.

Мындан тышкары, ал Кыргызстандагы материалдык эмес мурастардын көптүгүн жана ар түрдүүлүгүн белгилеп, Кыргызстандын тарыхый жана маданий эстеликтерин келечек муундар үчүн сактоонун маанилүүлүгүн белгиледи.

Жолугушуунун соңунда Одрэ Азуле президентке манасчы Сагымбай Орозбаковдун вариантындагы “Манас” эпосунун кол жазмасын материалдык эмес мурастар тизмесине киргизүү тууралуу сертификат тапшырды. 

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты