Лифтте депутат айымды белгисиз бирөө кучактоого аракет жасады. Ворк-харассментке кантип каршы туруу зарыл? 

Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиева Жогорку Кеңештин лифтинде белгисиз эркек кучактоого аракет кылганын жазып чыкты.

Лифтте депутат айымды белгисиз бирөө кучактоого аракет жасады. Ворк-харассментке кантип каршы туруу зарыл? 

“Лифтте ЖКнын кызматкери тамашалашып атып, кучактаганга аракет кылды. Талкуулап, депутатка кол көтөрүүнүн арты жаман болорун айтканымда, ал мен катардагы кызматкер экен деп ойлоп алыпмын деди. Анын аял-кесиптештери муну тамашага айлантып койчу экен. Ворк харассмент тууралуу билүүгө бул нерсе жетиштүү” деп жазат депутат.

Журналисттердин суроосуна жооп берип, ал буга чейин мамлекеттик мекемелердин ичиндеги ворк-харассмент тууралуу көп эле угуп жүргөнүн, бирок өзү биринчи жолу туш болуп жатканын айткан.

“Мен шок абалынан чыкканча ал кетип калды, ким экенин деле билбей калдым. Ошондуктан, эми ага эч кандай чара көрүлбөйт” деди эл өкүлү.

Харассмент деген эмне?

Харассмент – бул юридикалык термин менен бекитилген эмес. Бирок бул терминден кимдир бирөөгө болгон олдоксон тамаша, кыймыл-аракет, жест, үн чыгаруу, мазактоо, сексуалдык ыдык көрсөтүүнү түшүнсө болот.

Лифтте депутат айымды белгисиз бирөө кучактоого аракет жасады. Ворк-харассментке кантип каршы туруу зарыл? 

Башка жакта кандай?

Америкалык Жумушка орношууда бирдей укуктарга ээ болуу комиссиясыныны 2016-жылы жарыялаган докладында кесиптештердин үстүнөн арыздануунун жарымы харресмент боюнча болгон. Көпчүлүк учурда сексуалдык мүнөздөгү куугунтуктоо. Harvard Business Review тарабынан жазылган макалада харассментке кабылган америкалык айымдардын үчтөн бир бөлүгү гана бул тууралуу билдиришкен. Калгандары уялганынан жана жумушунан айрылып калуудан коркконунан эч кимге бул тууралуу айтышпайт.

Кыргызстанда дагы бул маселе бар

 Аялдарга карата сексуалдык мүнөздөгү куугунтуктоо биздин коомдо ачык талкууга алынбагандыктан, чоң көйгөйлөрдүн бири катары калууда. Буга чейин дагы мамлекеттик мекемелерде ворк-харассмент бар экени тууралуу айтылып келген менен, ачык чыгып бул боюнча айткандан кыргыз коомчулугунун аялдары айбыгып келишет. Кыргыз коомчулугунун эркектеринин көпчүлүгү бул жоруктарын аялдарга комплимент катары эсептешерин билдиришкен. Бишкектин коомдук транспортторунун ичинде лагы көбүнчө аялдар сексуалдык ыдык көрөрүн билдирген учурлар дагы болгон.

Кайсыл мыйзам боюнча каралат?

“Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө» мыйзамдын 21-беренесинде жумуш берүүчү, тагыраагы, жетекчи кызматкерлерине сексуалдык мүнөздө ыдык көрсөтө албайт,  гендердик дискриминацияга кабылып арыз жазгандыгы үчүн кызматкердин үстүнөн басмырлоого тыюу салынат. Негизи жумуш берүүчү бул мыйзамды аткарбагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылышы керек, бирок кылмыш-жаза кодексинде жаза көрсөтүлгөн эмес. Анда “сексуалдык куугунтуктоо” термини жазылган эмес.

Юристтердин айтымында, куугунтуктоочу агрессиялык кыймыл аракети үчүн жоопкерчиликке тартылат делгени менен, эч бир кодексте “сексуалдык куугунтуктоо” термини жок. Мындай учурда укук коргоочулар кыймыл аркетке кандай аныктама беришет?

Кылмыш кодексинин “Сексуалдык мүнөздөгү зордук-зомбулук аракети” беренеси боюнча, эгереде куугунтуктоочу тарабынан коркутуу же зордук-зомбулук аракети болсо, алсыз абалынан же көз карандуулугунан пайдаланса жоопкерчиликке тартууга болот.

Мындай мыйзам жок болсо эмне кылам?

Мындай мыйзам жок болгону менен сиз эгер жетекчилик, же кесиптешиңиз тарабынан ыдык көрүп жумуштан кетип жаткан болсоңуз сотко кайрыла аласыз. Бул жерде дискриминация беренеси менен кароого мүмкүнчүлүк бар.

Сотко берейин деп жатам, эмне кылуум керек?

Фактыларды чогултуңуз. Жетекчиңиздин сизге жазган смс-билдирүүлөрүн скриншот кылып сактаңыз, анын сизге ыдык көрсөткөндөрүн диктофонго жаздырып алганга, видеого тартып алганга аракет кылыңыз.

Эң башкысы башында эле анын бул аракеттери сизге жакпай жатканын, экинчи мындай кылбашы керектигин ачык айтыңыз.

Мүмкүн болсо башка кесиптештериңизге дагы бул көйгөйдү ачык айтып, ыдык көрсөтүп аткан адамдан алыс отургузуусун сураныңыз. Соттошуп калсаңыз бул адамдар сизге күбө болуп беришет.

Нуржан Алымканова, Аялдардын тең укуктуулугу үчүн күрөшүп келген активист:

Лифтте депутат айымды белгисиз бирөө кучактоого аракет жасады. Ворк-харассментке кантип каршы туруу зарыл? “Муну талкуулап турганда гана эл түшүнүп баштайт”

— Кызгызстандагы негизги көйгөй, мындай маселени эл алдына алып чыгып көп талкуулабаганыбыз. Көбүнчө жаап-жашарып кетебиз. Өзгөчө, биздин коомдогу аялдарга болгон мамиле. Мисалы, үй-бүлөлүк зомбулук болгон учурда милиция кызматкерлери барбайт. “Силер эртең элдешип аласыңар. Сен чыдашың керек.” деген эски көз караштардын айынан ушундай болуп жатат. Менин жеке пикиримде мындай болбошу үчүн, ачык айтып талкуулашыбыз керек. Мектептерде, иш орундарында, эл аралык уюмдарда атайын ушул тема боюнча тренингдер өткөрүлүп талкуулар жүрсө жакшы болот. Кыздарга кандай комплимент кылса болот, кандай комплимент кылууга болбойт дегендей. Бул коррупция сыяктуу эле да. Муну улам талкуулай берсек, адамдар туура эмес нерсе экенин түшүнүп баштайт. Элвира Сурабалдиева эл алдындагы киши болгондуктан, талкууга чыгып кетти. Айтылбай көмүскөдө калып жаткан миңдеген, жүзмиңдеген аялдар, кыз келиндер унчукпай эле жүрүшөт. Бул чынында чоң көйгөй.

Рита Карасартова, укук коргоочу: “Ар бир кыз өзү каршы тура алышы керек”

Лифтте депутат айымды белгисиз бирөө кучактоого аракет жасады. Ворк-харассментке кантип каршы туруу зарыл? —Мыйзам менен коргоонун кереги жок. Ар бир ата-эне кызына билим бериши керек, каратэге жаздырышы керек, тийишкен кишилерди эки бүктөп кое турган кыздарды тарбиялаш керек. Азыр миңдеген мыйзамдар аткарылбай турбайбы. Бир жагынан ал мыйзамды кандай колдонуп кетээрин да билбейсиң да. Азыр бизде коом ушунчалык бузулган, саясий бир оппонент чыгып калса,  ага каршы бирөөнү“бул мага тийишип атат” дедирсе эле анан чара көрүлүп жатып калышат да. Азыр видеобайкоо да жок. Имараттын ичинде бирөөнү өлтүрүп салганда дагы аныктай албай жатпайбызбы, анан “тийишти” дегенден канча деген кишилер жабыр тартышы мүмкүн.

ПолитКлиника

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты