Париждеги Евразия жумалыгына Кыргызстандын сунуштары

Париждеги Евразия жумалыгына Кыргызстандын сунуштарыБул күндөрү Парижде, Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү уюмунда (ЭКӨУ) Евразия жумалыгы башталды. Анда Кыргызстан Борбор Азия боюнча Демилгенин башкаруу комитетинин теңтөрагасы болуп саналат.

Евразия жумалыгын КР вице-премьер-министри Замирбек Аскаров баштап барган.  Жыйында соңку жыйынтык жана сунуштар талкууланат.

Иш-чара учурунда вице-премьер-министрлер кеңешмеси, атаандаштык жөндөмдүулүк  боюнча Тегерек стол өтмөкчү.

Вице-премьер З. Аскаров  ЭКӨУ глобалдык мамилелери Катчылыгынын директору Андреас Шаал жана Евразия өлкөлөрү боюнча бөлүмдүн жетекчиси Уильям Томпсон менен жолугушту, анда эки жактуу кызматташуу маселелери талкууланды. Анда республиканын үч сунушу кабыл алынды: агрардык бизнес тармагы үчүн финансылык жеткиликтүүлүк , адамдык капиталды өнүктүрүү, соода жана инвестицияларды илгерилетүү (тигүү тармагы үчүн).

«Борбор Азияда соода-транспорттук байланышты жогорулатуу» долбоорун талкуулоонун жыйынтыгында тиешелүү консультативдик колдоо көрсөтүү чечими кабыл алынды.

Кыргыз тараптын сунушу менен орто жана чакан бизнести өнүктүрүү, start-up долбоорлорду мамлекеттик колдоо, инновацияларды киргизүү, ишкерлер үчүн кызматтардын сапатын жогорулатуу сыяктуу багыттар талкууланды.

ЭКӨУ тийиштүү департаменти менен кеңири талкуулоо үчүн кыргыз тараптын сунушу боюнча санариптештирүү, салык процедураларын фискалдаштыруу механизмдерин киргизүү (товарларды маркерлөө, көзөөлөлдөө, электрондук эсеп фактураларды жана салык төлөөчүлөрдүн виртуалдык кампасын киргизүү) маселелери күн тартибине коюлду.

Мындан тышкары бейформал экономиканын көлөмүн кыскартуу, натыйжалуу антикоррупциялык саясат, жашыл экономика принциптерин киргизүү, айыл чарбасын коммерциялаштыруу жана өндүрүлгөн продукциянын кошумча наркын көбөйтүү жана ж.б. сунуштар айтылды.

Бул тууралуу Өкмөттүн маалыматтык колдоо бөлүмү билдирди.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты