Искендер Матраимов Райым Матраимов тууралуу комментарий берди

 

Искендер Матраимов Райым Матраимов тууралуу комментарий бердиЭкс-президент Алмазбек Атамбаевдин Райым Матраимов тууралуу айткандарына Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов мындайча жооп кайтарды.

— “Райымды иштен алууда бажыдагы киреше түшүп кетти деп жөн эле шылтоо кылып коюшкан. Болбосо Атамбаевдин мурдагы аялынын кызы менен Райымдын кайнежеси машине кое турган жер талашып кетишет. Кызы барып “мени Райымдын туугандары ушинтип жатат” деп арызданганда, Атамбаев жинденип “Райымды иштен алгыла” деп айткан. Бирок албетте артында саясат да болгон. Негизи Райымбек бажы тармагында эч кандай коррупцияга аралашкан эмес. Эгер аралашкан болсо мурда эле аныктап алышмак” деди ал. .

Искендер Матраимов  инисинин Сооронбай Жээнбековдун шайлоо штабын каржылагаган эместигин билдирди.

Райымбек Матраимов Бажы кызматынын төрага орун басарлыгынан былтыр 23-ноябрда бошотулган. Ошол учурдагы премьер-министр Сапар Исаков буйругун «анын иши саясий жетекчилик кабыл алган чечимдерге жана жүргүзгөн саясатка ылайык келбейт» деп негиздеген.

Матраимов иштен кеткенден кийин быйыл жыл башында Бажы кызматы Ош бажысы күн сайын 15 млн. сом төлөм чогулта баштаганын, мурда болжолдонгон 7 млн. сомдун ордуна болгону 1,5-2 млн. сом гана жыйналганын жарыялаган.
Бир тууган Матраимовдор болсо бажы төлөмдөрүнүн көбөйүшүнө чек аралардын ачылышы, жүк ташуучу унаалардын өтүшүнө уруксат берилиши сыяктуу объективдүү себептер түрткү болгонун айтып чыгышкан.
Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары, эл ичинде «Райым миллион» атыккан Райымбек Матраимов кызматка экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Икрамжан Илмиянов аркылуу дайындалганын маалымдагынан 5-апрелде айрым басылмалар жазып чыккан.
«2015-жылы Алмазбек Атамбаев жана досум Икрамжан Илмиянов аркылуу мен Бажы кызматынын төрагасынын орун басарлыгына дайындалгам. Мен дайыма КСДПга пайдалуу болууга аракет кылып келдим. Азыр да өзүмдү партия менен бир командадамын деп эсептейм», — деген Матраимов. Ал ошондой эле журналисттерге айткан сөзүндө экс-президент 31-марттагы маалымат жыйынында өзүн неге сындаганын түшүнбөстүгүн билдирип, мурда Алмазбек Атамбаев менен эч кандай пикир келишпестик болбогонун билдирген.
Райымбек Матраимов өзү иштеген мезгилде бажы тармагынан түшкөн киреше дайыма жогору болгонун белгилеп, 2017-жылы он айда 27 млрд. 700 млн. сомду мамлекеттик бюджетке түшүргөнүн, бул өкмөт койгон пландан дээрлик 300 млн. сомго көп болгонун айткан.

Экс-президент экс-премьер-министр Сапар Исаков менен Бажы кызматынын мурдагы төрагасы Кубанычбек Кулматовдун камалышын Бажы кызматынын төрагасынын экс орун басары Райымбек Матраимов менен байланыштырган. ​

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты