Кылычбек Султан Кыргызстанга кайтып келди

Корея Республикасындагы Кыргызстандын экс-элчиси Кылычбек Султан Кыргыстанга кайтып келди. Бул тууралуу ал Facebook социалдык баракчасына жазган.

Кылычбек Султан Кыргызстанга кайтып келди

Кылычбек Султан кызматтан 12-октябрда алынган.

Эске салсак, элчиликтерде болуп жаткан мыйзам бузууларды айтып чыккан. Тышкы иштер министрлиги өз кезегинде, мыйзам бузууларды белгилеп, анын кызматтан кетиши тууралуу баяндама жасады. Тараптардын билдирүүлөрүн Коопсуздук Кеңеши текшерип, эки тараптан тең мыйзам бузууларды аныктап, ишти Баш прокуратурага өткөрүп берген.

Андан кийин Кылычбек Султан чет өлкөдөн саясий башпаанек сурап кайрылганы айтылган.

Facebookтагы баракчасында, башпаанек жана Сооронбай Жээнбековдун жакын чөйрөсүндөгү адам тарабынан болгон жалган жалаа жана өч алуу тууралуу жакында айтып берээрин жазган.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты