Президентке кайрылуу: «Болот Шамшиевге Кыргыз эл баатыры наамы берилиши керек»

«Бөрү зындан», «Ак кеме», «Эрте жаздагы турналар» жана башка кыргыз кереметин мурас кылган СССРдин эл артисти Болот Шамшиевге Кыргыз эл баатыры наамын ыйгаруу демилгеси көтөрүлдү. Демилгечилер КР президенти Сооронбай Жээнбековго жиберген кайрылуусунун текстин толугу менен беребиз.

Президентке кайрылуу: "Болот Шамшиевге Кыргыз эл баатыры наамы берилиши керек"

Урматтуу Сооронбай Шарипович!

Ар бир элдин, өлкөнүн улуттук сыймыгына айланган улуу инсандары болот экен. Алар ал-күчүнө толуп турган учурда өлкөгө чоң кызмат кылып, эли-журтун зор сыймыкка бөлөйт турбайбы.

Дал ошондой элибиздин мактанычына, өлкөбүздүн сыймыгына айланган улуу инсандарыбыздын бири СССРдин эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси, даңазалуу кинорежиссер Шамшиев Болот Төлөнович экендиги талашсыз.

Болот Шамшиев жалпы журтубузга белгилүү кинорежиссер Л.Шепитьконун «Аптап» көркөм фильминде Кемелдин ролун мыкты деңгээлде аткаргандыгы менен таанылган.

Кийин Бүткүл союздук кинематография институтун аяктап, «Манасчы», «Чабан», «Караш-Караш окуясы», «Ысык-Көлдүн кызгалдактары», «Ак кеме», «Эрте жаздагы турналар», «Фудзиямадагы кадыр түн», «Бөрү зындан», «Снайпер» сындуу өтө бийик деңгээлдеги көркөм жана даректүү тасмаларды элибизге тартуулады.

Аталган тасмалар ааламдын ар тарабындагы абройлуу фестивалдарда баш байгелерди багындырып, ири сыйлыктарга ээ болуп, өлкөбүздү зор сыймыкка бөлөгөн.

Ушул фильмдерде ойногон артисттердин, иштеген киночулардын алды СССРдин эл артисти наамына ээ болсо, аягы өз өлкөбүздүн өтө жогорку сыйлыктарына татыган.

Болот Төлөнович өзүнүн кудайдан берилген жаркын таланты менен дүйнөнү таң калтырган «Кыргыз кереметин» жаратуучулардын башында турарын айта кетуубуз абзел.

Урматтуу Сооронбай Шарипович!

Биз, элибиздин келечеги үчүн күйгөн, өзүн өлкөнүн патриоту катары сезген Кыргызстандын жарандары Сизден СССРдин эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси, атактуу кинорежиссер, керемет талант, кеменгер инсан Шамшиев Болот Толоновичке Кыргыз Республикасынын баатыры наамын ыйгаруунузду өтүнөбүз.

Болот Шамшиев эл-жерине, өлкөсүнө өзүнүн өтө зор салымын кошкон, журтубуздун руханий байлыгын арттырууга опол тоодой ири эмгек жумшаган, аталган бийик наамга ар тарабынан татыктуу инсан деп эсептейбиз.

Ушул кезде, коомчулукта наамдарга болгон ар кандай сын-пикирлердин, талкуулардын болуп жаткандыгы, ар кандай сыйлыктар, наамдар бир доордун жаратманы болгон Болот Шамшиевдей инсандардын бааланбай жатышынан улам да пайда болуп жаткандыгын белгилеп айткыбыз келет.

Бул кайрылуу буга чейин социалдык түйүндөрдө жарыяланып, Кыргызстандын коомдук ишмерлери, маданият кызматкерлери, акын-жазуучулары, саясий ишмерлери жана башка ар кыл тармактын миңдеген өкүлдөрү тарабынан колдоого алынып, көрүнүктүү кино жаратманы Болот Шамшиевдин көзү тирүүсүндө кадырлап, алышыбыз керектигин жана Кыргыз Эл Баатыры наамын берүү тууралыгын билдиришкен.

Жолборс Жоробеков
Каныбек Осмоналиев
Зайнидин Курманов
Осмонакун Ибраимов
Каныбек Иманалиев
Амантай Кутманалиев
Роза Таберикова
Адылжан Жажанов
Мурат Жетимишбаев
Абдуламит Жумашов
Кубат Болотканов
Түмөнбай Колдошев
Азизбек Келдибеков
Айдай Чотуева
Эмилбек Момунов
Азамат Кыязов
Нурлан Калыбеков
Рита Казиева
Данияр Исанов
Манас Осмон
Булан Бектеналиев
Алымкул Исаков
Асылбек Маратов
Максат Кулуев
Замир Мырза
Асан Турсункулов
Дамирбек Нарматов
Алмаз Турдумаматов
Эрнис Кыязов
Айнура Токтошева
Кунболот Момоконов
Тизмеде 548 адам бар.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты