Ысык-Көлдө браконьерге 50 миң сом айып салынды

Ысык-Көл облусу боюнча жүрүп жаткан рейддин натыйжасында эликти мыйзамсыз аткан браконьер кармалганын Германиянын Жаратылышты коргоо союзунун (NABU) Кыргызстандагы өкүлчүлүгү билдирди.

Ысык-Көлдө браконьерге 50 миң сом айып салынды

Маалыматка ылайык, текшерүү браконьерликке каршы «Барс» тобу Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиктин Аңчылык департаментинин кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүлгөн.

«Тоң районунун Көк-Булак аймагында элик аткан жергиликтүү тургун кармалды», — деп айтылат мааламытта.

Жеринде протокол түзүлүп, мыйзам бузган кишиге 50 миң сом айып салынды.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты