Бала чагында актер болгондор
- 7 лет мурун
- Блог
Бала чагында роль аткарып, бирок кийин кесипти тандабай калышкандар арабызда арбын. Анда эмесе, сөз жаш кездеги артисттер тууралуу болсун.
Сейиттин ролунда — Назрет Дубашев
Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары боюнча тартылган “Жамийла”, “Биринчи мугалим”, Төлөмүш Океевдин “Бакайдын жайыты”, казакстандык “Вечерняя окраина” фильмдеринде балдардын ролун, ал эми “Мен Тянь-Шань”, Болот Шамшиевдин “Эл ичинде” жана ошондой эле “Уркуя” фильмдеринде эпизоддордо ойногон кетирекей кара бала—Назрет Дубашев азыр пайгамбар жашынан өтүп, балдары, неберелери менен Сокулуктун Кызыл-Туу айылында тирлигин өткөрүп келатат.
Назрет Дубашев бала кезинде фильмдерге тартылып калгандыгы тууралуу мындай дейт: “Мен артист болоюн деп максат койгон жокмун, режиссер болсом дечүмүн. Бирок окууну бүтүрбөй калдым. Киного тартылуу мага турмушта искусствого багыт берди. Дооронбек Садырбаев менен телевидениеде бир топ жыл иштештим. Бул фильмдер менин да балалыгымдан чоң эстелик болуп калды. «Бакайдын жайытына” чейин Кончаловский тарткан “Биринчи мугалимде” Субандын ролун аткаргам. “Биринчи мугалим” тартылып жатканда Клара Юсупжанова андагы борбордун мектептерин кыдырып, ылайыктуу балдарды тандап жүрүптүр. Ошондо конкурстан өтүп, киного тандалып алынгам. Төлөмүш Океев агай “Биринчи мугалимде” тартылган балдардын арасынан издеп, “Бакайдын жайытына” мени тандаган” дейт Назрет Дубашев.
Ал “Жамийлада” Сейиттин ролун аткарган кезде 12-13 жашта эле. Дүйнөнү дүңгүрөткөн фильмди жараткан “Сейит” (Назрет Дубашев) “Жамийла” менен (Наталья Аринбасарова) 50 жылдан кийин 2016-жылы “Ак илбирс” кино сыйлыгын тапшыруу учурунда жолугушкан.
Жайнактын ролунда — Токтогул Какчекеев
Чыңгыз Айтматовдун повести боюнча Геннадий Базаров тарткан айтылуу “Саманчынын жолу” кинофильми жарым кылымга жакын убакыттан бери (1967-ж.) дүйнөгө таанымал болду. Фильмдеги Бакен Кыдыкеева, Болот Бейшеналиев, Насыр Кытаев сындуу залкар артисттердин катарында Жайнактын ролун ойногон андагы боз улан, азыркы аскер офицери, политолог Токтогул Какчекеев да бар. Геннадий Базаров аны фильмге кантип чакырып калганын мындайча эскерет:
“Кесипчилик-техникалык окуу жайын аяктап, борбор шаардагы азыркы “Ала-Тоо” кинотеатрында киномеханик болуп иштеп жүргөм. Бир күнү Төлөгөн Сыдыков аттуу досума барып, ВГИКтен келип кино тартып жүргөн, 24 жаштагы Геннадий Базаров менен таанышып калдык. Ал көркөм фильм тартканы Кыргызстанга келип, өзүнө жардамчы издештирип жүрүптүр. Ошентип ишимден бошонуп, Базаровго жардамчы болуп алдым. Мыкты кино артисттери менен птеш болуп, ошону менен бирге “Саманчынын жолу” фильминдеги Субанкулдун үч уулунун бири — Жайнактын ролун аткаргам” дейт Токтогул Какчекеев.
Какчекеевдин көңүлдүн түпкүрүндөгү каалоо-тилеги кино-артисттикти же мушкерликти тандоо эмес, аскер кызматкери болуу эле. Тоң районунун Кажы-Сай айылында уран казган жабык комбинаттын аймагында учуп-конгон “Бериев” учактарын көлгө ак куу учуп конгондой эле элестетип, Деңиз аскер флотунун авиациясында кызмат өтөгүсү келчү. Бирок ал максатынан алыс барбай, Ленинграддагы Жогорку аскер саясий окуу жайынан окуп, аскер офицери болуп калганы маалым.
“Ак кемедеги” Нургазы
Нургазы Сыдыгалиев “Ак кемеге” тартылганда алты жашта болсо, азыр элүү жашта. Бишкектеги жаңы конуштардын биринде жашап, музыкант болуп иштейт. Фильмдегидей эле бала чагында абдан ойноок, тентек, шок болсо, эми токтолуп жана уяң тартып калган кези.
Чыңгыз Айтматовдун чыгармасы боюнча Болот Шамшиев тарткан «Ак кеме» фильмин кимдер гана көргөн эмес. Фильм СССРдин мамлекеттик сыйлыгына татыктуу болгон. Анда залкар артисттер Сабира Күмүшалиева, Асанкул Куттубаев, Орозбек Кутманалиев, Даркүл Күйүкова, Айтурган Темирова, Чоро Думанаев, Назира Мамбетова ж.б. ойногон. Фильмдин баш каарманы, адилетсиздикке каршы күрөшкөн, бакыраң көз кыялкеч бала — Нургазынын ролун аткарган Нургазы Сыдыгалиев буларга токтолду:
“Бул мыкты фильмдин аркасынан Чыңгыз Айтматов, Болот Шамшиев, Сабира Күмүшалиева, Асанкул Куттубаев, Орозбек Кутманалиев, Айтурган Темирова жана башкалар менен катар жүрүп иштешип калдым. Анда алты жашта элем. Бала чагымда ал фильмдин маанисин деле жакшы түшүнбөптүрмүн, кийин билсем, ал турмуштун ак-карасын таасын көрсөткөн, терең философиялуу тасма экенине баа бердим. Кино тартылган Жети-Өгүздөгү Чоң-Жаргылчак аттуу кооз жер, тоодон-тоого чыгып ойногон кезим көз алдыма элестейт. Сабира апамды жакшы көрчүмүн, ал да мени баласындай эле жакшы карачу. Кээде чайды көп ичип алып төшөккө заара ушатып койчумун. Сабира апам аны жууп-тазалачу. Момун атамдын ролундагы Асанкул атам турмушта да момун, жакшы киши болгону эсимде. Орозкул агамдан фильмде кандай корккон болсом, турмушта да ошондой эле коркчумун. Тоого чуркап кетип кечигип келгенде, ал урушуп койчу. Айтурган эжем менен ойногонум эсимде” дейт.
Фильмге тартылуу Нургазы Сыдыгалиевдин турмушуна кандай таасир калтырганы тууралуу мындай дейт:
“Медалдын эки жагы болгондой эле, роль ойногонумдун жакшы жактары менен катар, турмушума залакасын тийгизген жактары да болду. Киного тартылган учурда Абдраев атындагы музыкалык мектепте скрипка классында окучумун. Бирок фильмге тартылгандан кийин да Союз боюнча гастролго айлап кетип калганда, музыкалык сабагым жана окуум каралбай, скрипка классынан чыгып калдым. Ал учурда мага музыкант мугалим менен тарбиячыны кошуп беришчү. Бирок алар мага сабак үйрөтпөй эле дүкөн кыдырып жүрүшүп, кайра окууга келгенде “сабак билбейсиң, музыка үйрөнбөйсүң” деп урушуп калышчу. Мен аларга таарынчумун. Ошондон улам сабактан начар окуп, скрипкадан жетишпей калдым.
Аскерде жүргөндө кыздардын катынын айынан жоокерлерден далай таяк жедим. Кыздар мага аскерде жүргөндө “Телефондун кулагын оңго-солго бурайын/ Адегенде ден соолугуңду сурайын” деп баштап кат жазышчу. Балдардан да көп кат келчү, күнүнө 30-40 кат алчумун. Анан жоокер балдар “Сенин эле катыңды ташып жүрөбүзбү” деп мени сабап салышчу. Кыздар артыман көп чуркачу”, — дейт Нургазы.
Кээде артыман жаман сөздөр да ээрчиди. Бир жолу Караколго барсак, бир бала “сага бир нерсе көрсөтөйүнбү” деп мени автовокзалга ээрчитип барды. Ал жакта бирөө “Мен “Ак кемеде” аткарган Нургазымын, мени эч ким карабай калды” деп кыйкырып, кайыр сурап олтуруптур. Өзү ичкен, үй-жайы жок неме окшойт. “Эмне менин атымды сатып жүрөсүң?” десем, “Антпесем мага эч ким акча бербейт” дейт.
“Ак кемеден” кийин чоң ролдорго неге тартылбай калганын Нургазы мындайча түшүндүрдү: “Эльер Ишмухамедовдун “Үмүттүн чымчыктары” аттуу фильмде тартылгам, “Эрте келген турналарда” эпизоддо аткаргам. “Ак кеме” сындуу мыкты кинодо тартылып туруп, жөн–жай, жеңил-желпи фильмдерге тартылгым келген жок. Элдин эсинде “Ак кемедеги” Нургазы боюнча калгым келет”, — дейт Нургазы.
“Биринчи мугалимде” Ороздун ролунда — Рыскул Боромбаев
Учурда маданият кызматкери болуп иштеп жаткан Рыскул Боромбаев фильмге кандайча тартылып калгандыгы тууралуу мындай дейт: “Шаршен Усубалиев Кыргыз Кинематография союзунун төрагасы болуп турган. Ал менин атамдын досу болчу. Усубалиев атамдан уруксат сурап, мени киного кастингге жиберген. Кастингди мен Аринбасарова менен бир күнү өткөм. 17 жаштагы Натальяны апасы ээрчитип келген”.
Андан ары ал фильмдин режиссеру Кончаловский менен Алтынайдын ролундагы Наталья Аринбасарованын үйлөнүү тоюн эскере кетти. “Андрон Кончаловский менен Наталья Аринбасарова бири-бирин жактырып калышкан. Кино тартууну токтото туруп, Андрон Кончаловский аялы менен ажырашып, Москвадагы Натальянын апасынан үйлөнүүгө уруксат алып келген. Кончаловский менен Аринбасарованын үйлөнүү тою Жумгалдагы Арал айылындагы сегиз жылдык мектептин залында өткөнү эсимде. “Биринчи мугалимдин” аяк жагы Москвадан тартылган. Кино тартылып бүткөндө Натальянын 8 айлык боюнда болгон. Мына ошол уулу – Егор Кончаловский азыр айтылуу режиссер. Ошол себептен мен Егор Кончаловскийди жумгалдык саяктардан болот деп коём.
“Көз айнекченде”—Бермет Маликова
Кыргыздын классик жазуучусу Кубанычбек Маликовдун небереси, белгилүү журналист Бермет Маликова секелек кезинде кыска метраждуу фильмге тартылган. 1972-жылы режиссер Альгимантас Видугирис тарткан “Көз айнекчен” (“Очкарик”) фильминде 8 жашар Бермет балдар арасындагы жалгыз кыздын ролун аткарган.
Баланын ролун Кубанычбек Алыбаев ойногон. Айтылуу актер Советбек Жумадылов да роль ойногон.
Бермет бир интервьюсунда ушул фильмдеги айрым эпизоддорду эскерет. Мисалы, аны “көз айнекчен” жаңы эле сырдалган отургучка олтургузганда кино тартып жаткандар отургучтун жаңы сырдалганын атайын эле айтпай коюшканын, ошондо сыр жугуп көйнөгү булганганда чын эле ыйлаганын айткан.
“Атадан калган туякта” – Темир Сариев
Экс-премьер-министр Темир Сариев Чыңгыз Айтматовдун “Атадан калган туяк” фильминде пилоткачан баланын ролун аткаргандыгы белгилүү.
Темир Сариев туулган Сокулук районунун Төш-Булак айылынын сыймыгы айылдын көркү, шаркыратмасы, коругу эле эмес, 1972-жылы бул айылда Чыңгыз Айтматовдун “Атадан калган туяк” телефильми тартылып, Сабира Күмүшалиева, Таттыбүбү Турсунбаева, Советбек Жумадылов, Кубатбек Жусубалиев сыяктуу залкарлар роль аткарган. Булардын катарында чыт курсак айылдык балдар да киного тартылышкан. Фильмде пилоткачан баланын ролун КР экс-премьер-министри Темир Сариев ойногон. Анда Темир 3-класста окуган кези. Фильмдеги ролу үчүн ал убактагы чоң акча — 182 сом калем акы алып, сыймыкка бөлөнгөнүн эскерет.
Айгүл Бакеева