Дүйшөн Төрөкулов: “Азыр күнүгө эле байпагымды жууп, тамагымды өзүм жасап жатам”

Дүйшөн Төрөкулов: “Азыр күнүгө эле байпагымды жууп, тамагымды өзүм жасап жатам”

Дүйшөн Төрөкулов

—Дүйшөн мырза, “Бир Бол” партиясында канчадан бери жүрөсүз?

—2010-жылы Түштүк жергесинде улуттар аралык араздашуулар болгон учурда эки элди ынтымакка чакырып, район-район, айыл-айыл, көчө-көчө болуп бөлүнгөндөрдү бириктирип, Алтынбек Сулайманов менен бирге прогрессивдүү жаштарды чогултуп, баарыбыз бир бололу деген ураан көтөрүп, коомдук бирикме, андан соң партия түзгөнбүз. Мен “Бир Бол” партиясын негиздөөчүлөрүнүн биримин.

—Балачагыңызда чоңойгондо депутат болуп калам деп ойлодуңуз беле?

—Мен Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Савай айылынан болом. Биздин айыл саясатташкан айыл десем жаңылышпайм. Савайдан эле 5 депутат чыккан. Алар Арапбай Төлөнов, Бакир уулу Турсунбай, Зайырбек Жоошбеков, Данияр Төлөнов жана мен. Кичинемден аттуу-баштуу адамдар менен жакын мамиледе болуп жүргөнүмдө эле мен да алардай болуп эл өкүлү болгум келчү.

—Эс алуунун кайсы түрүн жактырасыз?

—Тоого чыгып эс алганды жакшы көрөм. 15-20 кг жүктү көтөрүп, бир күн кечке тоодо баскан адатымды токтотпойм. Убактым болсо эле тоолорго чыгып, табият менен сырдашып, кооз жаратылышыбызга суктангандан ырахат алам.

—Спорттун кайсы түрү менен машыгасыз?

—Жаштыгымда эркин күрөштөн чыкканмын. Кара-Суу районунда илгертен Союз убагынан бери эле эркин күрөшчүлөрдүн абдан жакшы базасы бар. Ошолордун катарында эркин күрөштөн чыккам. Убагында спортко анча көңүл бурулбай калгандыктанбы же каражаттан улам келип чыкканбы, мамлекеттин атынан чоң спорттордо популярдуулугу менен алып кеттиби, эрежесиз эр урушка өтүп кеткем.

—Стресстен кантип чыгасыз?Дүйшөн Төрөкулов: “Азыр күнүгө эле байпагымды жууп, тамагымды өзүм жасап жатам”

—Кайгырып-капаланганды билбеген шайыр адаммын. Андыктан стресске деле кабылбайм. Бардык нерсеге сабырдуулук менен мамиле кылам. Бирөөнү жеңип алуу адамдын колунан келет, бирок өзүн-өзү жеңиш эң кыйын. Бирок ага карабай, өзүмдү өзүм жеңгенге аракет кылам. Канчалык кыйын болсо “бул болгону убактылуу нерсе” деп өзүмдү алаксытам.

—Өзүңүз сүйүп үйлөнгөнсүзбү же ата-энеңиз алып берген кызды алгансызбы?

—Жубайым менден 14 жаш кичүү, кошунабыз болот. Аны төрөлгөнүнөн бери билем. Ата-энемдин сунушу менен үйлөнгөм. Мен сүйүүгө деле кабылып көрбөптүрмүн. Жактыруу сезимдери болгон, бирок бирөө менен сүйүшүп-күйүшүп деле жүргөн жокмун.

—Жубайыңызга тамак жасап берген учур болду беле?

—Кечирээк үйлөнгөнүм үчүнбү, аялзатына тиешелүү жумуштардын баарын бойдок кезде өзүм жасап, көнүп калгам. Андыктан бош убактым болуп калса жубайыма, балдарыма өз колум менен тамак жасап берип кубантып коем.

—Акыркы жолу байпагыңызды качан жуудуңуз эле?

—Депутат болгонго чейин Ош шаарында жашачумун. Жумушка байланыштуу Бишкек шаарына көчүп келдим. Азырынча үй-бүлөмдү алып келе элекмин. Ошондуктан азыр күнүгө эле байпагымды жууп, тамагымды өзүм жасап жатам.

—Байлык, өлбөстүк, популярдуулуктун кайсынысын тандайт элеңиз?

—Мен өлбөстүктү тандамакмын. Жараткан өмүр берсе популярдуулукту деле багынтып, байлык деле чогултуп алсаң болот. Өмүргө эмне жетсин. Өмүр баарынан кымбат.

—Эгерде кайрадан жаралуу мүмкүнчүлүгү болсо кайсы кесиптин ээси болмоксуз?

—Кайрадан жаралсам деле азыр кандай болсом ошондой болмокмун. Себеби, мен азыркы жашоомо абдан ыраазымын.

—Жашоодо канча кызды жактырдыңыз эле?

—Эсептей албайм (каткырып).

—Кандай кыздар жагат жана жакпайт?

—Бардык адамдарда эле кемчилик болот, идеалдуу адам жок. Кыздарга өтө эле катуу талап койбойм. Биринчи кезекте адамдык сапаттары болуш керек. Эркектин алдында өзүн аял экенин сезген айымдарды баалайм.

—Жубайыңызга кол көтөргөн учур болду беле?

—Аялзатына алсыз эркектер гана кол көтөрөт. Биздин жашаганыбызга 5 жыл болду. Кудай сактасын андай учур болгон эмес. Болбой эле койсун.

—Жубайлардын ортосундагы жаш айырманын чоң болушунун жакшы жана жаман жактарын айта кетсеңиз?

—Токтолуп калганда үй-бүлө кургандыгым үчүнбү, жубайымды жаш деп аяп турам. Анча-мынча кемчилик кетирсе, жаштык кылып койду деп кечирип коем. Ар дайым мени сыйлап турат. Ортодогу урмат-сый күч.

—Өзүңүздүн үй-бүлөңүз жөнүндө айта кетсеңиз?

—Үй-бүлөдө алты бир туугандын үчүнчүсүмүн. Эки агам, үч карындашым бар. 3 уул, 3 кыз. Раматылык атам мугалим болгон. Апам өмүр бою үй кожойкеси болуп үйдө. Атабызга жардам берип эл катары колхоздон жер бөлүп алып, тамеки, пахта эгип, Кара-Суу базарында соода-сатык менен алектенчүбүз.

—Депутат болуу үчүн акча бергенсизби?

—Акча берип эмес, элдин колдоосу, добушу менен мага бөлүнгөн округдан добуш алып депутат болуп келдим.

—Сатып кеткен адамдарды кечиресизби?

—Кечирем. Жашоодо ар кандай кырдаал болуп калышы мүмкүн. Кичинемден бизнес, спорт чөйрөсүнө аралашып, эки жакка көп чыгып, көп адамдар менен мамиле кылып калдым. Жүрөгүң менен ишенип жаныңда алып жүргөн адамдар бир күн болбосо бир күн 180 градуска өзгөрүп, сатып кеткенде катуу сокку болот экен. Ошого карабай андайларга эч кандай деле нааразычылыгым жок.

—Спортсмендин ичкилик менен тамекиге мамилеси кандай болду экен?

—Кээде жакшылыктарда эл катары уурттап коебуз. Ал эми тамекини илгери чегип көргөм, бирок мага жаккан эмес.

—Мырзанын кандай экенин акчага болгон мамилесинен билсе болот экен, сиз мартсызбы же сараңсызбы?

—Чөнтөгүмдө канча акча болсо акырына чейин, калбай калгыча чачам. Колум абдан ачык. Мен дагы сараң адамдарды жактыра бербейм. Жигит деген март болуш керек.

—Үйдө акчаны ким кармайт?

—Иштеп таап келген акчамды үйдүн кожейкесине карматам. Бирок көзөмөл кылып турам. Жубайым – премьер-министр, бирок Президент менмин.

—Балдарыңыз жөнүндө айтып берсеңиз?

—1 уул, 1 кызым бар. Үчүнчүсүн Кудай буюрса күтүп жатабыз. Уулум 4 жашта, кызым экиден өтүп калды. Абдан баласаакмын. Көп балалуу болгум келет.

—Сизди айылдын атаманы дешет, чынбы?

—Көптөн бери спортко аралашып калганым үчүнбү, ошондой сөздөр айтылып жүрөт. Мени райондун биринчи атаманы деп коюшат. Бирок мен кимдир бирөө менен тирешип, урушкан учурларым болгон эмес.

—Намаз окуйсузбу?

—Мусулман баласы катары жума намазды калтырбай барып турганга аракет кылам. 5 маал намаз окубайм, бирок ниетим бар.

—Депутат болуш кыйын бекен?

—Сырттан караганда баары оңойдой, депутат жыргап эле жүрө бергендей көрүнөт. Бирок өзүң жоопкерчиликтүү жумушка аралашканда оңой эмес экенин сезесиң.

—Эл өкүлдөрү элге жакын экенин билүү үчүн, эттин баасын сурагым келип турат…

—Азык-түлүктү дайым эле өзүм алып тургандыктан, эттин баасын билем, 1 кг- 260 сомдон 300 сомго чейин.

—Сахардын баасычы?

—1 кг — 50 сом.

—Жумуртканын баасы канча?

—4 сомдон 7 сомго чейин.

—Ундун баасычы?

—Сортуна жараша 900 сомдон баштап 1800 сомго чейин.

—Коомдук транспорттогу жол киренин баасы канча?

—Көптөн бери өзүмдүн машинам менен жүргөндүктөн, коомдук транспорттун жол киренин баасы канча экенин билбейм.

Гүлшайыр Сабырбекова

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты