Садыр Жапаров инвесторлорду «жашыл» долбоорлорду ишке ашыруу боюнча кызматташууга чакырды

  • 11 месяцев мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 2-июнда Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан «Европа Биримдиги — Борбор Азия» саммитинде сөз сүйлөп жатып, инвесторлорду «жашыл» долбоорлорду ишке ашыруу боюнча кызматташууга чакырды.

Жапаров климаттын өзгөрүшүнүн жана демографиялык өсүштүн фонунда Борбор Азия чөлкөмүндө суу-энергетикалык ресурстар акырындык менен түгөнүп баратканы байкалып жатканын айтты.

«Ошентип, энергетикалык коопсуздук жана энергетикалык натыйжалуулук маселелери региондо гана эмес, дүйнөлүк масштабда дагы актуалдуу жана курч маселелердин бири болуп калды. Бүгүнкү күндө өлкөдө ондогон чакан ГЭСтердин курулушу башталды. Ошондой эле Өзбекстан жана Казакстан менен биргеликте 1860 МВт кубаттуулуктагы “Камбар-Ата-1” ГЭСин куруу боюнча макулдашууга жетишилди. Бул ири энергетикалык долбоорду ишке ашыруу менен үч өлкөнүн тең энергетикалык туруктуулугун камсыз кылууга өбөлгө түзүлөт«, — деди мамлекет башчысы.

Буга байланыштуу ал бардык инвесторлорду жана өнөктөштөрдү энергиянын кайра жаралуучу булактарынын объектилерин куруу боюнча долбоорлорду жана башка “жашыл” долбоорлорду ишке ашыруу үчүн инвестициялык кызматташууга чакырды.

Биз Австриянын, Франциянын, Венгриянын, Россиянын жана башка мамлекеттердин айрым ири компанияларынын кызыгуусун байкап жатабыз. Жакын арада конкреттүү долбоорлорго чыгабыз деп үмүттөнөбүз. Ошондой эле бизге жаңы суу үнөмдөөчү технологиялар, инновациялык ыкмалар жана Европада окуудан өтүп келе турган квалификациялуу адистер керек”, — деди ал.

Бүгүн, 2-июнда Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында «Европа Биримдиги — Борбор Азия» саммити өтүп жатат. Саммитке катышуу үчүн Кыргызстанга Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, Түркмөнстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Нурмухаммет Аманнепесов жана Европа кеңешинин төрагасы Шарль Мишел келди.

«Европа Биримдиги — Борбор Азия» саммити биринчи жолу 2022-жылдын октябрында Казакстандын борбору Астанада өткөн.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты