Миронов Борбор Азияда Украинадагы согушка катышкандар үчүн кылмыш жазасы каралганына нааразы болду

  • 11 месяцев мурун

Орусиянын Мамлекеттик Думасынын депутаты, «Адилетүү Орусия» фракциясынын башчысы Сергей Миронов Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстанда Украинадагы согушка катышкандарды кылмыш жоопкерчилигине тартууну «абсурд» деп атады.

Орусиялык саясатчынын видеокайрылуусу «Твиттердеги» баракчасына жарыяланды.

Мироновдун айтымында, жогоруда аталган өлкөлөр ЕАЭБге мүчө болгондуктан, «бул маселени мамлекеттер аралык деңгээлде чечүү зарыл».

«Эгерде бул өлкөлөрдүн жарандыгын алган орус өзүнүн тарыхый мекенине жардам берүүнү чечип, атайын аскерлик операцияга катышса, анда аны түрмөгө камашат. Бул абсурд! Биз бул маселени мамлекеттер аралык деңгээлде чечүүнү сунуштайбыз», — деп айтылат Миронов кайрылуусунда.

Ал арада депутат Дастан Бекешев «Твиттер» баракчасында Кыргызстан өз жарандарын кандайдыр бир согушка үндөөгө милдеттүү эмес экенин белгиледи. «Евразия экономикалык биримдиги аскерий биримдик эмес жана биз жарандарды кандайдыр бир согушка катышууга үндөөгө милдеттүү эмеспиз», — деп жазды Бекешев.

Өлкөнүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет чет өлкөлөрдүн аймагындагы согуштук аракеттерге катышкан кыргызстандыктар кылмыш жоопкерчилигине тартыларын бир нече жолу эскерткен. Бул үчүн 8 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган. Ушундай эле эскертүүлөр Борбор Азиянын башка өлкөлөрүндө да жасалган.

Орусия 2022-жылдын 24-февралында Украинага басып кирген. Негизги салгылашуу өлкөнүн чыгышында жүрүп жатат. Согуш эки тараптан тең жүз миңдеген жарандардын өмүрүн алды. Орусиянын Украинага карата агрессиясын айыптаган БУУнун резолюциясын дүйнөнүн 143 өлкөсү колдоду. Кыргызстан бул резолюция боюнча добуш берүүдөн баш тарткан.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты