УКМК: Кара-Балтада кылмыштуу топтун мүчөлөрү акча опузалоого шектелип кармалды

  • 11 месяцев мурун

Чүй облусунун Кара-Балта шаарында опузалап акча талап кылган деген шек менен уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.

Атайын кызмат билдиргендей, уюшкан кылмыштуу топтун К.Б. жана Т.М. аттуу мүчөлөрү Р.С. аттуу айыл чарба фермасынын ээсин көптөн бери коркутуп, акча каражатын талап кылып жүрүшкөн.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, анын алкагында кылмыштуу топтун мүчөлөрү 1-июнда 130 миң сом акча каражатын алып жаткан жеринен кармалган.

Шектүүлөр УКМКнын тергөө абагына киргизилип, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты