Футбол дарбазасы басып калып каза болгон Аландын соту дагы жылды

Футбол дарбазасы басып калып каза болгон баланын сот иштери улам жылдырылууда.

Футбол дарбазасы басып калып каза болгон Аландын соту дагы жылды

Сүрөттө: Футбол дарбазасы басып калып каза болгон Алан

11 жаштагы Алан Айсаев 13-июнда Бишкектин Пишпек районундагы жеке футболдук аянтчада футбол дарбазасы кулап каза болгон.

Аталган аянтчанын ээси Апрель революциясынын баатыры Акылбек Төрөевге карата «Коопсуздук талаптарына жооп бербеген кызмат көрсөтүү, товарларды өндүрүү же сатуу» жана “Өз билемдик” боюнча кылмыш иши козголду.

Учурда сот отурумдары жүрүп, күбөлөрдүн келбей калгандыгына байланыштуу үчүнчү жолу жылдырылды.

Нестан Исабекова, Аландын апасы:

Футбол дарбазасы басып калып каза болгон Аландын соту дагы жылды

— Сот отуруму үчүнчү жолу жылдырылып жатат. Биринчи жолу, айыпталуучу тараптын адвокаты жок болуп калган, экинчи жолу биз тараптан адвокат келбей калган.

Бүгүн күбөлөр келбей калды. Буга чейинки отурумдарга деле күбөлөр келген эмес. Бул окуя прецедент болот деп ишенем.

Анткени, мындай окуялар көп эле жолу болгон экен. Алардын иштери каралбай эле жабылып калган экен.

Күбөлөр калп айтып жатышат. Трагедия болгонго чейин бир күн мурун жаш балдар кирип кетпеси үчүн арткы дарбазасын жабуусун өтүнгөн элем.

Бирок, адмнистратору менин келбегенимди айтып, калп айтып жатат. Алардын деле балдары бар да. Ошого карбай калп айтып жатышат.

Өлкөдөгү футболдук аянтчаларды текшерүү боюнча маселени көтөрүп чыккан депутат Аида Исмаилова Мэриянын жообуна канаттанбаганын айтат:

Футбол дарбазасы басып калып каза болгон Аландын соту дагы жылды

“Бул сот иши бир нече жолу жылдырлып келди. Биз айтып жатканыбыз үчүн гана кылмыш иши козголду.

Буга чейин 6-7 ушуга окшош учурлар болгон. Бирок алардын баары сотко жетпей жабылып калган экен.

Айыпталып жатканадам дагы мен бул ишти жаптырып салам деп ачык эле айтып жатыптыр.

Ал боюнча прокурорго дагы кат жолдодум. Азыр эки статья боюнча сотко кетти. Бул негизи прецидент болушу керек.

Кылмыш иши козголуп, мыйзам боюнча жоопкерчиликке тартылгандан кийин, башкалар дагы мыйзамдын негизинде иштеп башташат.

Бул жерде мэриянын дагы жоопкерчилиги болушу керек. Ошондой аймактарды көзөмөлдөп, техникалык талаптарды изилдеши керек.

Ал боюнча мэрияга кат жолдоп, күлкүнү келтирген жооп алдым. Ошол эле соттун, күбөлөрдүн баласы бар да. Аландын ордунда ар бирибиздин балабыз болуш калышы мумкүн.

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 13-июнунда Бишкек шаарынын Пишпек районунун жеке футбол аянтчасында Алан Айсаевге футбол дарбазасы кулап, бала каза болгон.

Милициянын алдын-ала жыйынтыгы боюнча, дарбаза катуу шамалдан улам кулаган, бирок дарбазанын арт жагында шамалдан тосуп турчу дубал бар экенин күбөлөр айткан.

Баланын ата-энеси дарбаза топтун соккусунан улам кулаганын айтып жатат. Топту тепкен балдардын бири Аланды футбол ойноого чакырган.

Футбол аянтчасынын ээси Акылбек Төрөевдин билдирүүсү боюнча, бала дарбазага асылып ойногону үчүн кулап калган.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, учурда сот процесси жүрүп жатат.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты