Орусиянын ТИМи Кыргызстанда мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзам долбоорунун кабыл алынышы боюнча комментарий берди

  • 1 год мурун

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова Кыргызстанда парламент тарабынан мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзам долбоорунун кабыл алынышы боюнча комментарий берди. Захарованын комментарийи Орусия ТИМинин расмий сайтына жарыяланды.

Захарова аталган документ Кыргызстанда кыргызча билбеген жарандар үчүн «кыйынчылык жаратышы ыктымалдыгын» айткан. Ошондой эле ал Кыргызстан өлкөдөгү тил саясатын орус тилин колдоого, аны илгерилетүүгө багыттап жүргүзөрүнө ишенгиси келерин билдирген.

Бул мыйзам республиканын кыргыз тилин билбеген жарандарына айрым кыйынчылыктарды жаратышы мүмкүн. Мыйзамдын кабыл алынышы титулдук эмес калктын, анын ичинде биздин мекендештерибиздин укуктары боюнча абалга жагымсыз таасир тийгизиши мүмкүн экенине кыргыз кесиптештерибиздин көңүлүн бир нече жолу бурганбыз. Өнөктөштөр бул мыйзам долбоору орус тилин жокко чыгаруу максатын көздөбөйт деп ишендиришти. Ошондуктан союздаш катары Кыргызстандын жетекчилиги кыргыз тилин өнүктүрүү менен катар орус тилин колдоого, аны илгерилетүүгө багытталган балансталган тил саясатын жүргүзөт деп ишенебиз”, — деген Захарова.

31-майда Жогорку Кеңеш “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” конституциялык мыйзамдын долбоорун үчүнчү окууда карап, жактырган. Эми ал президенттин кароосуна жөнөтүлөт.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты