Жалал-Абадда күйдүргү оорусу менен ооругандар аныкталды
- 6 лет мурун
- Баяндар
Жалал-Абаддын Сузак районунда ылаңдаган малдын этин жеген 3 адам күйдүргү (Сибирь жарасы) диагнозу менен ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө боюнча райондук борбордун башкы дарыгери Сооронбек Ташкенов билдирди.
Маалыматка ылайык, Таш-Булак айылынын тургуну 3-ноябрь күнү ылаңдаган малын союп, 6 үй-бүлөгө тараткан. Ал эми эттен оору жуктурган кишилер 17-ноябрда гана ооруканага кайрылышкан.
-Учурда айылдын 187 тургуну медициналык кароодон өткөрүлүп, дары-дармектер таратылып жатат, – деди Таштанбеков.
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!