Туризм департаментинин жаңы жетекчиси ким?

Буга чейин Азамат Жаманкулов жетектеген Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Туризм департаментинин директору болуп Максат Дамир уулу дайындалды. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматынан кабарлашты.

Туризм департаментинин жаңы жетекчиси ким?

Максат Дамир уулу Япония жана Америка Кошмо Штаттарында билим алып, кийин бир катар эл аралык жана жергиликтүү компанияларда эмгектенген.

Ал учурда 33 жашта жана үй-бүлөлүү.

Мекеменин мурдагы жетекчиси Азамат Жаманкулов октябрь айында ээлеген кызматынан бошотулуп, маданият, маалымат жана туризм министри болуп дайындалган.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты