Москвадагы кыргызстандык таксисттин сыймыктуу жоругу

 

Москвадагы кыргызстандык таксисттин сыймыктуу жоругуМосквада таксист болуп иштеген жердешибиздин адам ыраазы болор жоругу  уккандар таң калтырды.

Москвадан Варя Борцова аттуу жаран бул тууралуу Фейсбук баракчасына жазды.

Варя Борцова Москвага эртең мененки саат 5 те үйүнө такси менен келген. Эртеси  туруп, таксиге акчасы бар капчыгын, документтерин жана банк карточкаларын унутуп кеткенин билет. Ал айдоочуну табууга аракеттенип, бирок андан майнап чыгара албайт.

“Андан кийин мен каным кызып, акчамды алып алып, орустун мафиясы Сочиде эс алып жүргөнүн элестетип кеттим” деп жатканда, анын атасы эшикте бир таксист күтүп турганын айтат.  Ал адам ошол издеген таксист болуп чыгат.

Көрсө, кардары унутуп калган капчыкты көрүп, таксист да колл-борбор менен байланышат, бирок ал жакта ал жүргүнчү тууралуу маалымат сакталбай калган болот. Таксист кызды жеткирген үйгө келип, аны издеп, өткөн-кеткендердин ар биринен сураштырып, бирок таба албай, 8 саат бою эшикте күтүп тура берет. Тиги кыз бир аалда терезеден көрүп, эшикке чыкканда, экөө тең ыйлап жиберишет.

“Канча саат уктайсыз деги? Мен аябай тоңуп калдым” деп айтат таксист. Кыз эмне кубанганынан эмне кылаарын билбей, такси аксынынан беш эсе көп сүйүнчүсун берген.

Бейтааныш бирөөнү чексиз кубанткан таксист Кыргызстандан болгондуктан, апчыктын эаси дагы бир жолу биздин өлкогө келе турганын билдирген.

“2014-жылы мен Кыргызстанга жуму боюнча бир суткага эле баргам. Убакыт анда тар болуп, башкы аянтты, Опера жана балет театрын көргөм. Бул окуядан кийин Кыргызстанга дагы бир жолу баргым келип жатат” деген ал.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты