“Энеден кийин төркүн жок, күйөөдөн кийин баркың жок”

“Энеден кийин төркүн жок, күйөөдөн кийин баркың жок”Бул сөздү мен айткан жокмун, эл айткан. Турмуштан, кыргыздан суурулуп чыккан сөз бул. Кыргыз аялдын, Апанын бир үзүмүн айткан сөз. Миң азапка оролгон бул сапты кыйгап өткөн өмүр көп, бирок “азапты тарткан билет” демекчи, көп тагдырлуу адам үчүн бул сап чагылгандын огундай. 2006-жылдын жайында гезит каникулга тарап, айылга келдим. Бул апамдан кийинки эң биринчи жай эле. Жайдын тимеле болуп турган убагы болчу. Үйгө келсем үй бек. Чак түш эле. Үйдүн алдын чөп баскан. Ак-сары көпөлөктөр үлпүлдөп аларга учуп конот. Ыз-быздап жайкы чымын, аарылар учат. Алардан башка бир үн жок! Жымжырт эй, үйдүн алды. Барып эле эшиктин алдына бүк түштүм. Көп карманам, бирок бул жолу эмес, бул жолу анте албадым. Бул көрсө көрө элек көрүнүш, али тата элек ызам экен. Үйдүн жымжырттыгынан, Эненин бул жерде да, үйдүн ичинде да, айылдын, а тургай ааламдын ичинде да жок экенине ошондо анык ишенгенсип, ошондо анык билгенсип бар дүнүйөм сөгүлгөн. Ошондо биринчи ирет үйдүн бурчун кучактап алып ыйлагамын… Анан эч кимди кубанта албаган шаардан келген чоң сумкамдын жанында көчүк басып көп олтургам. Баса, аңгыча кошунабыз Сыядат жеңем өтүп баратыптыр. Жеңем да, мен да үн сөзү жок кучакташып калганбыз… Энеден кийинки мындай элес курусун. Өзгөчө кыз балдарга сезилген — энеден кийин төркүн жогу мына ушул!

1973-жыл. Атам каза болуп, бар ырымы жасалып, элдин бир сыйра көк сууну сууп, жылдыгы өтүп, атасыз экинчи жыл башталат. Беш бала менен калган апам ошондо болгону 31де. Кичүүсү бир жарым жаш. Аңгыча үйдөгү чоң карааныбыз —  чоң апабыз ооруп каза болот. Айылга салынып аткан там бүтө элек. Колхоздун үйүндөбүз. Атам менен апам сыртта иштеп жүрүшүп айылыбызга эч качан жашашкан эмес. Апам элдин бирин билсе бирин билбейт. Беш баланы кантиш керек!? Ошону менен бир күнү апам баарыбызды жетелеп Көлгө, Сарууга, өскөн үйүнө келет. Бирар күндөр өтөт. Апам: “эми Кош-Дөбөгө барып жашай албайм го…” деген ойго келет. Күндөрдүн бир күнү атамдын агасы Эдигеев Ыдырыс кой менен кымызын артынып Сарууга бизди издеп барат. Ал жылдары алыска түз машине чыгышы да азаптын азабы болчу экен. Чоң айылдан үйдү таппай жүрсө бир дубалда “Эдигеев Бакытбек, Жеңишгүл, Марат…” деген жазууну көрөт. “Ие, кудай, атыңан айланайын, сенби бул” деп өз ысымын окуп абайласа ал болгону дубал, аңгыча ары жакта решеткада да “Эдигеев Бакытбек”. Ошентип “Бакытбекти” издеп олтурса акыры бир чоң дарбазадагы “Эдигеев Бакытбекке” алып барат. А биз дал ошол үйдө болчу экенбиз!.. Көрсө агам, эжем Жеңишгүл менен Бакыт эмнеликтен экенин ким билсин ойноп жүрүп ар деме менен ар жерге атын жаза беришчү экен… Сагынчу беле десең! Күтчү беле десең кимдерди… “Бул ким!” деп эшикке чыгышса дарбазанын сыртында апамдын улуу журтунан келген улуу кайын агасы турат, салбырап!!! Ошол жерден кучакташып ыйлашат, аза менен арманга кайра батышат. “Кенедей Бакытымдын изи менен ушинтип олтуруп таап келбедимби силерди. Унаадан унаа которуп олтуруп жетпедимби силерге! Кетели балам, эл-журтка. Какеңдин жерине барсын балдары! Кетели балам, жүргүн!” -дейт өмүр бою мал менен келген, пенденин момун адамы Ыдырыс атам. Бирок апам болбой койгон экен. Ошондо аяш аталарыбыздын бири, жакын туугандардын дагы бир белдүүсү болуп экинчи ирет барып анан баарыбызды кайрадан өз айылыбызга алып келишиптир. Өйдө тартса бутуна, ылдый тартса башына жетпеген ошол замандын өзү сүрдүү, оңой-олтоң эмес болгон. Бешөөбүздү кантип калкалайм деген, отузга эми келген жалгыз баш апам үчүн ал ого бетер кыйын эле. Бу жарыкта жападан жалгыз бар максаты —  бешөөбүздү багыш болгон! Энемдин ошол азабын азыркы жашка келгенче деги канча ирет эстедим, канча ирет чындап сездим, канчалык түшүндүм деген ойлор келет. Билем, эч канчалык! Балким мен аны али эч канчалык жонум менен сезе алган жоктурмун. Ырахмат деп ошол мезгил бүктөмдөрүн өзүнө айталбай калдымбы? Тарткан азабың ошол жесирлигиңде, бизге чачкан, биз үчүн эселеп карыган ошол жаштыгыңда, ошол эски күндөрдө чачылып калды окшойт. Өмүр жаш кыйылбасын, максаттар таш каппасын, тилектер соолубасын. Жаралуу оңойдур, бирок түптөлүү, өсүү кыйын. Тилек тилеш оңойдур, бирок көксөөлөр турмушка ашуу кыйын. Апам бизди баары бир ошол бойдон Көлдө багып калмак эмес. Баары бир качандыр айылыбызга алып келмек. Ал болгону апамдын жаштыгы, улуу тоосунан кийинки кайгысы болгон. Болгону турмуш жогорудагы макалды далилдеп, Атадан кийин ата-максат, ата-көксөөлөрүнө доо кетип, эненин айласыз чайпалганын сүрөттөп турат…

Биз эмне үчүн Жеңишгүл, Жеңишбек болдук?

Атам Ак-Талаа районунун “Жеңиш” колхозунун председатели болуп 1966-жылдын июль айынан баштап өмүрүнүн акыркы күнүнө: 1973-жылдын 30-сентябрына чейин иштеди. Улуу эжем Мончоктон башкабыз баарыбыз ошол айылдан төрөлдүк. Элге кызмат кылууну ичкен ашынан жогору койгон, Мекен, Партия деген улуу түшүнүктөрдү туу байлаган ата-эне, замандын алдыңкы жоокерлери болушкан алар. Ошол берилүү менен, жылдан жылга жогорку көрсөткүчтөргө жетишип келаткан “Жеңиш” колхозунда дагы көп жеңиш, жакшылыктар болсун деп эжем төрөлсө Жеңишгүл, мен төрөлсөм Жеңишбек болуп жатып калганыбыз ошондон. Азыр да 9-май келсе: “Э, бүгүн сенин туулган күнүңбү?” деп калышат чала тааныштар. “Жок” дейм, алыстагы жана тээ качанкы атамдын “Жеңишин” эстеп. Ошол берилүүң, ошол кыял, тилектериң ошо бойдон ал айылдын үстүндө калкып жүргөндүр деп коем.

Бир тууган үйлөр

“Энеден кийин төркүн жок, күйөөдөн кийин баркың жок”Биздин айыл райондун борборуна, облустун борборуна, анан өлкөнүн борборуна барыш үчүн “Жеңиш” айылын жара бөлгөн жол менен аралап өтөт. Демек, ушул кезге чейин ал айылдан миңдеп өттүм, бирок ушунча болуп “Жеңиш” айылын бутум басып токтоп көрбөпмүн. Дал чоң көчөнүн жол боюндагы азыркы “Ак-Сай” дүкөнү илгери колхоздун конторасы болгонун билчүмүн. Анын түндүк тарабындагы башында атамдын олтурган жери болуп, а баягы киши өлтүргүч дал тетиги чоң терезеден мылтыгын сунуп туруп эле атып салганын укчумун. Өтүп баратып ошол терезедеги ошол көрүнүштү элестетчүмүн. Канча ирет ошол мылтык сунган кишинин артына барып жармаштым. Канча ирет аны жерге көтөрүп уруп, мылтыгын ташка урдум. А канча ирет ошол терезенин артында олтурган атамды тосуп, калкалап өзүм жараландым. Канча ирет… канча ирет… сен өлбөй мен өлүп көрдүм! Канча ирет сени сактап калып, мен мактанып тигини милийсага салып берип, сен экөөбүз каткырып күлүп, ошол контордун эле жанындагы биз жашаган үйгө чогуу кирип кеттик… Канча ирет сенин жаныңда, Атанын жанында басып көрдүм…ыя! Таттуу кыялымды автобустун дүңкүлдөп баратканы бузчу же бакылдаган элдердин үнү бузчу. Аягында, эсиме келсем болбой эле кичинекей жүрөгүм дүпүлдөп согуп, автобустун терезесинде район беттеп же айыл беттеп бараткан болчумун. Ал жерден сары автобуста апам менен канча өттүм, туугандар же айылдаштар, кээде достор менен өттүм. “Тигине балам, тетиги чатыры көрүнүп турган үчүнчү үй ошол биздин үй болчу. Ошондо турчубуз” дечү апам мага колу менен ошол конторанын эле жанындагы үйдү көргөзүп. Анан жиндидей суроо камдап барып кайра токтоп калчумун: “Ал үйдө анан кандай күндөрдү өткөрчү элеңер?” дейин деп. Чоң эне бар, ата бар үйдө кандай болоор эле дейин деп. Ошону менен былтыр 45ке чыкканымда атайылап “Жеңишке” бардым. Агам, иним болуп. Акыры анан ошол “биздин” үйгө бардык. Ал жерге ошол айылдын кадырлуу аксакал адамдарынын бири Жоламан аке алып барды. Кызыгы, ал үй ошол 1973-жылдан бери бир да жери оңдолбой, өзгөрбөй ошол боюнча туруптур. “Чоң энеңер мобул терезе түбүндөгү узун олтургучта көчөнү карап, “балам кечикти го” деп коюп олтура берээр эле” дейт Жоламан аке. А Үпөш эжем айтчу: “Биздин үйдүн көчөнү караган терезесинен контора көрүнүп турчу. Байкем күндө караңгыга чейин иштечү. Мен терезеден карап турчумун, качан байкемдин кабинетинин свети өчкөндө “келатат!” деп чайды кайра ысытканы чуркачубуз” деп. Адамдардын жашоосу ар кылка өтөт. Адамдар өмүрүндө далай үйдөн далай үйгө көчүп конушат. Эчен ирет конуш, жер, үй, батир, айыл, шаар которушат. Анан калса өлкө которушат. Ал жерлерде беш күн, беш ай же беш жылбы, элүү жылбы өмүрлөрүн өткөрүшөт. Анан калса жакшы, жаман, көңүлдүү, көңүлсүз, бактылуу же оор күндөрүн калтырып кетишет. Күндөрдүн бир күнүндө, өмүрдүн бир өмүрлөрүндө ушинтип кайрадан ал үйлөргө, ал күндөргө салам айтып келишет же капыстан кезигишет. “Үй бул орун-очок деген эле сөз эмес, үй бул жан дүйнөңдүн абалы” дешет. Анткени үйүң чоң же кичине, эски-жаңы, жакшы же жамандан эле турбайт. Ал бүтүндөй жан дүйнө. Акыры адам өмүрү жалаң элестерден гана куралгансып калганын айт. Шаарда баратып капыстан бир жүрөккө тааныш терезелер көзгө урунат. Азбы-көппү, жаманбы-жакшыбы жашап кеткен терезелер. Көчүп, конгон, ким билет, эми да көчүп барчу сырдуу, жаңы терезелер…

Мекенчил тосттор

Мен атамды көрбөсөм да үнүн уккам. Каалоо айтканын, өзүнүн “Энеден кийин төркүн жок, күйөөдөн кийин баркың жок”ырдаганын уккам. Үйдө катылган эски ленталуу кассеталарда ошондой үн жазуулар бар эле. Өтө жакын теңтуш үч үй-бүлө чогулуп, баштарынан өткөргөн кызыктуу, эсте калган окуяларын ар бири кезек менен айтып ага баарылап күлүп, ырдашып тартылышкан экен. Ал жазуулар менимче 60-жылдын аяк жагында жаздырылган. Үч дос каткырып күлүп аяштары менен олтурса да ар бири сөз алганда өлкөсүндө, жашаган районунда болуп аткан өсүштөрдү, өзгөрүүлөрдү кошуп, жалындап сүйлөшөт. Атамдын: “…улуу Нарын дарыясын багынтып көпүрөнүн салынышы, электр карагайларын орнотуу улантылып атышы…” деп баштаганы анан өзү чыгарган ырын ырдаарда аны “Кош-Дөбөм” же “Менин айылым” деген ырымды аткарып коеюн” деп ушул эки теманы тең кыйгысы келбегенсип атаганы мага таасир этчү. Азыр деле өлкөбүз күчтүү болсо, беттеген идеологиябыз түптүү болсо, мамлекетке баш отубуз, жан дилибиз менен берилип биз дагы кызмат кылсак… деп кыялданам. “Мен айтпасам ким айтат деп же бүгүн баштабасак эртеңдер эч бүтпөйт да” деп обдулганыбыз суу кечпей, окшошпой, бутага жетпей турганы… Кечээ жакында эле “жазып аткан китебиңе” деп, бүгүн тегерек 80 жаштын тузун татып аткан эң жакын аяш атам Карабай Жыргалбеков калем сап менен 30 баракка толтура эскерме жазып мага жөнөттү. Ал эскермесин “Кадырбек!” деп атаптыр. Ошондон эки сап келтирейин: “Кадырбек! Баягы экөөбүз иштеп кеткен, экөөбүз жүрчү Казарман азыр шаар болгон. Бир тонна грунттан 16 грамм алтын алына турган, республикадагы биринчи алтыны бар район болуп, Казарманга 600 орундук бейтапкана, 800 орундуу маданият үйү, 4 орто мектеп, райком үчүн заңгыраган имарат курулган. Ушунун баары мени толкундатат…” Мынакей, элге деп иштеп, элге деп сүйүнгөн, тост айтса да, акыреттик досуна эскерме жазса да мекендеги өсүштү айткан улуу адамдар. Атам менен, атамдын ынак достору менен сыймыктанам!

Жеңишбек Эдигеев

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты