Атамбаев: “Журналисттерди камоодо эмоцияга алдырбашым керек эле”

Атамбаев: “Журналисттерди камоодо эмоцияга алдырбашым керек эле”Экс-президент Алмазбек Атамбаев бийликте турган кезинде журналисттерди сотко бергенине өкүнөөрүн билдирди.

Ушакты ойлоп тапкандарды жана ар кандай маалымат жыйындарда жайылткандарды гана сотко берсек болмок. Президент катары журналисттерге туура эмес кылгандырмын. Анткени азыр карасам, чындыкты жазгандардын оозун жапканга курал кылып алышты. Бирок ошол маалда «Азаттык», «Заноза» ушакты  кошул-ташыл менен таратышкан. Мен «Азаттык», «Заноза», Жакупова боюнча доодон баш тарттым. Балким туура эмес кылгандырмын. Эмоцияга алдырбашым керек эле” деди.

2017-жылы Атамбаевдин ар-намысына шек келтирилди деп «Zanoza.kg» сайты жана ж жалпысынан 27 миллион сом өндүрүү тууралуу сот чечими чыккан. Экс-депутат Ч. Жакупова 3 миллион сомго, “Ата Мекен” партиясынын юристтери 10 миллион сом айып тартышкан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты