Садыр Жапаров мектептерде класстык фонддорду түзүүгө тыюу салган жарлыкка кол койду

  • 1 год мурун

Президент Садыр Жапаров “Балдардын мектепте акысыз билим алуу укугун ишке ашырууга мамлекеттик кепилдиктерди камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө” жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта аталган документ Конституцияда каралган балдардын мектепте акысыз билим алуу укугун сактоо максатында кабыл алынганы айтылат.

Жарлыкка ылайык, мамлекеттик жалпы билим берүү уюмдарында (1-класстан 11-класска чейинки мектептерде) мыйзамсыз акча каражаттарын чогултууга, мектептердин алдында коомдук фонддорду түзүүгө тыюу салынат жана мектептерди оңдоп-түзөөгө, кайтарууга жана зарыл болгон тиричилик предметтерин сатып алууга акча каражаттары милдеттүү түрдө мамлекеттик бюджеттен бөлүнөт.

Акча каражаттарын мыйзамсыз алуу же окуучуларга жана алардын ата-энелерине моралдык-психологиялык басым көрсөтүү фактылары аныкталган учурда күнөөлүү адамдарга ээлеген кызматынан бошотууга чейинки тартиптик жаза чаралары көрүлөт.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты