Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономдуу районунда кыргыз-кытай соода борбору ачылат

  • 1 год мурун

Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлиги менен кытайлык “YEMA GROUP., LTD” компаниясынын ортосунда “Кыргыз-кытай соода борборун түзүү жөнүндө” меморандумга кол коюлду. Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, биргелешкен соода борбору Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономдуу районунда курулат.

Маалыматка ылайык, мындай чечим министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаевдин Синьцзян-Уйгур автономдуу районуна болгон иш сапарынын алкагында кабыл алынган.

Иш сапардын алкагында Төрөбаев “Huahe international” компаниясынын башкы директору Лю Чуаньу менен биргеликте Кыргызстанда түзмө-түз иш алып барууга кызыккан 30дан ашуун кытай ишкерлеринин катышуусундагы “Кыргызстан — Кытай” бизнес жолугушуусуна катышып, бир катар маселелер талкууланган.

«Жолугушуунун жүрүшүндө ар кандай тармактагы ишкерлик чөйрөсүндөгү презентациялар көрсөтүлүп, аны менен бирге далилдүү сунуштар, жана инвестициялык долбоорлор каралып чыкты. Анын жыйынтыгы менен КРнын Экономика жана коммерция министрлиги менен “YEMA GROUP., LTD” компаниясынын ортосунда “Кыргыз-кытай соода борборун түзүү жөнүндө” меморандумга кол коюлду«, — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле, иш сапардын алкагында Бакыт Төрөбаев Үрүмчү шаарындагы Чжунтай корпорациясынын, Эл аралык кургак портунун жана Эл аралык базардын жетекчилиги менен жолугуп эки тараптуу энергетика, соода, транспорт, айыл чарба жана жеңил өнөр жай тармактарында сүйлөшүү жүргүзүлгөнү айтылат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты