Алмазбек Атамбаев “Мындай жалган жана ушактарды Акаев менен Бакиевдин тушунда да көргөн эмесмин”

Алмазбек Атамбаев “Мындай жалган жана ушактарды Акаев менен Бакиевдин тушунда да көргөн эмесмин”

 

Экс-президент Алмазбек Атамбаев 19-ноябрда кечинде «Апрель» телеканалына интервью берди.

8 ай үн катпагандыгынын себеби

”КР экс-президенти Алмазбек Атамбаев 8 айлык тыныгуудан кийин биринчи маегин берди. Бул убакыт аралыгында КСДПнын штабы белгилүү бир билдирүүлөрдү жасап келген, бирок, Атамбаев өзү көпчүлүккө чыгып, бир нерсе айтуудан карманып келген.

«Быйыл март айында өткөн КСДПнын акыркы съездинен кийин мен жаңы президент Сооронбай Жээнбековго, 3 каалоо жана эскертүү айттым. Анан мындан бир жыйынтык чыгаар бекен, айткандарымды эске алаар бекен деп күттүм. Биринчи жылында тынч иштегенге мүмкүндүк берейин дедим. Менин унчукпаганымдын себеби мына ушул болду», — деп билдирди экс-президент «Апрель» телеканалына берген маегинде.

“Кеңештерим менен эскертүүлөрүмө калп жана жалаа кампаниясы менен жооп беришти”

Мындай калптар менен жалган жалаалар Аскар Акаев менен Курманбек Бакиевдин убагында да болгон эместигин билдирди.

Айтымында, адамдарга чындыкты ачып берүүнү каалагандыктан гана үн катууга туура келди.

“Азыр менин кеңештерим көңүлгө алынбаганы көрүнүп турат, ал эле эмес партиянын съездинен кийин Атамбаевге жана үй-бүлө мүчөлөрүнө карата калп менен ушактардын кампаниясы күч алды. Мындай жалган жана ушактарды мен Акаев менен Бакиевдин убагында да көргөн эмесмин. Тилекке каршы, биздин эл көп учурда жаман сөзгө бат ишенишет. Геббельс айткандай эле, “жалаа канчалык коркунучтуу болсо, ага ошончолук тез ишенишет”. Менин оюмча азыр баарына чекит коюуга убакыт келди, элге чындыкты айтыш керек”,- деди Атамбаев.

Атамбаев өзүнүн байлыктары тууралуу: Түркия менен Кыргызстандагы заводдорум жылына $26 миллион долларга чейин киреше берип турчу

Алмазбек Атамбаев мүлкүн 1989-жылдан тартып 2000-жылдарга чейин, кандайдыр бир мамлекеттик кызмат ээлей электе тапкан.  Айтымында ал 1989-жылы, Кыргызстанда биринчилерден болуп жеке фирма ачкан. Китеп сатып тапкан мүлкүн ишканаларга жумшаган, тактап айтканда, аларды менчиктештиргенге жетишкен директорлорунан акцияларын сатып алган.

“2002-жылы ишканаларыма Акаев асыла баштаганга чейин Кыргызстандагы ишканаларым да ийгиликтүү иштеп келген. Мисалы 1999-жылы “Форум” өндүрүш тобу өнөр жай группасы (үч завод жана эки биргелешкен ишкана) Кумтөр бюджетке канча салык төлөсө, ошончо салык төлөгөн. Ал убакта Кумтөр өлкөнүн ИДПсынын 20 пайызын берчү. Менин заводдорум Кумтөрдөй эле салык төлөчү” – деген Атамбаев, өзүнүн Орусия жана Түркиядагы ишканаларынын өнүгүшүнө да каражат салып турганын кошумчалады.

Мисалы, Измир шаарынын эркин экономикалык аймагында Атамбаевге “Гүлжанлар” ишканасынын акцияларынын 90 пайызы үч жыл таандык болуп, андан дивиденддерин алып турган.

Атамбаевдин колундагы документтерге ылайык, 2002-жылдын 2-февралында, Түркиялык ишканадан түшкөн киреше 8 миллионов 176 миң 606 доллар 81 центти түзгөн. 2002-жылдын 6-мартында — 3 миллион 826 миң 118 доллар. 2002 – жылдын 6- июлунда — 5 миллион 350 миң 362 доллар 66 цент. Жалпысынан бир жылда – 26 миллион доллардан ашыгыраак каражат. Бүгүнкү күн менен эсептегенде 1 млрд. 900 сом.

«Бул ишканада мени менен кошо ээлик кылган дагы бир адам бар болчу. Менде акциялардын 90 пайызы болсо, ал 10 пайызына ээлик кылган. Ишканага 3 жыл ээлик кылып, жылда дивиденддерди бөлүшүп турчубуз. Жылда бир нече жолу бөлчүбүз. Ал акчаны алуу үчүн биз банкка (ишкананын HSBC жана “Дениз Банкта” эсептери бар болчу) бир же эки айдын бөлүнгөн дивиденддери тууралуу нотариустан тастыкталган документ берүүгө тийиш болчубуз. Мына ошонун негизинде банк акчаны эсебиме которуп, (ал жакта эсептерим бар болчу) накталай берип турчу. 2002-жылы мен Кыргызстандагы ишканаларымды жабуу керектигин билгем, анткени Акаевдин кишилери кадимки аңчылыкка чыккандай болуп, Бишкектеги эсептеримди тоңдуруп, тартып ала баштады. Албетте, качандыр Түркиядагы ишканама да жетерине көзүм жетти. 2002-жылы “Гүлжанлардан” 6 жолу дивиденд алып, 2003-жылдын январында саттым”, — деп билдирген Атамбаев, 1999-жылы Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда эки тараптуу салык салууну токтотуу тууралу келишим түзүлгөнүн белгиледи. Ошентип, салык мыйзамдарын бузбаганын айтты.

А.Атамбаев чет өлкөдөн вилла сатып албай, ата-бабасынын жеринде үй салууну чечкенине токтолду

“Алмазбек Атамбаев «башка байларга окшоп Лондон же Түреияда, Босфордун жээгинде вилла сатып алсам болмок, бирок Кыргызстанда, өзүмдүн ата-бабаларымдын жеринде үй салууну чечтим» деген. Курулуш үчүн Кой-Таш айылындагы 6,5 га жерди Атамбаевдин айтуусунда Албек Ибраимов сунуштаган.

“Биз бул жерге келгенде үй бар болчу, бирок анын жасалгасы жок эле. Ошол убакта эле эки кабат курулуптур, үчүнчү кабаты жаңы башталган экен. Мына кирпич коробкасы турган. Мен 1 кабаттуу үйлөрдү жактырам, бирок долбоору бекитилип калыптыр. Мени жердин кооздугу өзүнө тартты. Анын үстүнө менин ата-бабаларым отургузган бактарды да көрдүм. Биз келишим түзүп, кол алыштык”,- деди Атамбаев. Сөз арасында үй кимден сатылып алынганын сураганда, Ибраимов, жеке тараптан алганын билдиргенин да кошумчалады.

“Ал кийин менден кечирим сурады, көрсө жеке тарап аны убагында “Дастандан” сатып алган экен. Мен, мисалы билген эмесмин. Ошондуктан бул комплексти сатып алып, курулушту аягына чыгардым. Мен жылына 2 млрд. сомго чейин киреше ала алчумун. Мен мындай үйдүн бир нечесин сала алам. Бирок, мен деле башка бай адамдарга окшоп Түркиядан, Дубай, Англия, АКШ же дагы башка жерден эле вилла сатып алып, ал эми менин аталарым жашап өткөн жерге үй салбашым керек болчу тура.

Бул мени шок абалына алып келди. Анткени салык декларацияларын карасаң эле, биздин чиновниктер менен башчылар үйсүз болуп чыга келишет. Ошол эле депутаттардын байлыктары аялдарына, күйөө балдарына, ага-инилерине жазылган. Өмүркулов дагы үйсүз. Анан ошондо бизге ачык-айкын жашоого болбойбу? Экс-президент таза адам катары эч жакка качпай, өзүнүн балдарына, неберелерине кала турган үй салгандын эмнеси жаман?”,- деди Атамбаев.

Экс-президенттин айтуусунда ал элдик Апрель революциясынан кийин бардык активдерин Кыргызстанга которгон, анткени ал, байлыгын өзүнүн өлкөсүнүн өнүгүшүнө салууга даяр.

Ала-Тоо аянтында гранит плиталары уурдалып, Кой-Ташта салынган үйүн жасалгалоодо колдонулду деген такталбаган маалымат боюнча дагы Алмазбек Атамбаев суроолорго жооп берди.

“Мен 7-апрель күнү набыт кеткендердин урматына шаарыбызда мемориалдык мечит куруп жатам. Мына ошол 7-кичи райондо жайгашкан мечитке ким барып көрсө, ал дагы дал ошондой гранит менен жасалгаланганын көрө алат, мен дал ошондой өңдү дагы тандагам. Ошол мечит үчүн мен гранитти сатып алгам. Бирок мен жөнүндө мындай айың-кепти уурдаганга көнгөндөр, Дүйшөбаев, Каптагаевдерге окшогондор айтышат. Алар өмүр бою чиновник болуп жүрүшүп эле мультимиллионер болуп алышкан. Мен таза адаммын. Мен миллиарддаган сомдорду иштеп тапкан кезде, бүгүнкү мультимиллионерлер мектепке барышчу же жаңыдан гана институтту аякташкан. Алар түрдүү ресторан, кафе, тойканаларды, шаардын борборунда өздөрүнө хан-сарайларды курушат. Аларга болот. Бирок, акчаны өзү иштеп тапкан, Кыргызстанда жашагысы келген мага болбойт. Ичи тардык – бул өтө начар сезим. Кудай ичи тарларга эч нерсе бербейт. Ак эмгек менен таза акчага жасалган иштерге кубаныш керек”,-деп белгиледи Атамбаев.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты