Депутаттар Екатеринбургдагы кыргыздар менен жолугушту

Депутаттар Екатеринбургдагы кыргыздар менен жолугуштуЖК депутаттары Каныбек Иманалиев, Сагындык Келдибаев, Улукбек Ормонов, Максат Сабиров, Руслан Казакбаев жана КР Миграция кызматынын өкүлдөрү РоссиядаЕкатеринбург шаарында иштеген кыргызстандыктар  жана ал жердеги студенттер менен жолугушту.

Жолугушууда бир катар көйгөйлөр, атап айтсак, жумуш берген тарап менен кызматкер  ортосунда эмгек келишими түзүлбөгөндүгүнө байланыштуу айрым жарандарыбыз маянасын ала албай жаткандыгы айтылды.

Ошондон улам кыргыз борборун ачуу,  ал жактан чакан имарат алууга көмөктөшүү  маселесин да көтөрүштү.

Ошондой эле эл өкүлдөрү Екатеринбургдагы “Монетка” аталышындагы ири логистикалык борбордун иши менен таанышты. Ал жерде 700 дөн ашуун кыргызстандык расмий түрдө иштешет. Алардын орточо эмгек акысы 25 миң -100 миң рублге чейин жетет.

Бул маалыматты Жогорку Кеңештин басма сөз борбору билдирди.

Сүрөттө: Екатеринбург шаары.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты