Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда жаңы унаа жолу курулат

  • 1 год мурун

Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда жаңы автоунаа жолу курулат. Бул тууралуу тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев президент Садыр Жапаровдун Кытайга болгон сапарынын жыйынтыгы тууралуу комментарий берип жатып билдирди.

Анын айтымында, сапардын жүрүшүндө Кыргызстан менен Кытай коронавирус пандемиясынан улам жабыркаган соода-экономикалык мамилелерди активдештирүү тууралуу макулдашты. Бул үчүн эки өлкөнүн чек арасындагы «Торугарт», «Эркеш-Там» өткөрүү бекеттеринин жөндөмдүүлүгүн кеңейтүү пландалууда. Кулубаев буга кытай тарап дагы кызыктар экенин белгиледи.

Мындан тышкары, ал Ысык-Көл менен Шинжаң-Уйгур автономдуу районунун чек арасындагы Бедел ашуусун ачып, жаңы автоунаа жолун жана өткөрмө бекетин куруу пландалып жатканын айтты.

Иллюстрация интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты