Кыргызстан Кытайдан дагы 1000 автобус сатып алат

  • 1 год мурун

Кыргызстан Кытайдан газ кыймылдаткычтуу 1000 автобус сатып алат. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, президент Садыр Жапаров бүгүн, 20-майда Кытайга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында Шаньдун провинциясынын Цзинань шаарында Zhongtong bus Holding Co., LTD автобус чыгаруучу заводуна барып, анын иши менен таанышты.

«Бул заводдон Бишкек шаары үчүн газ менен жүрүүчү 120 автобустун партиясы сатып алынган. Алар борбордун жолдорунда сыноодон ийгиликтүү өткөндүктөн, бюджеттик каражаттардын эсебинен бул маркадагы автобустун дагы миң кошумча партиясын сатып алуу жана Бишкекке жеткирүү чечими кабыл алынган. Бул жерде Кыргызстан үчүн миңинчи партиядан чыккан биринчи автобустун салтанаттуу чыгарылуусу жана бет ачары болду. Автобустардын бул партиясы этап-этабы менен Бишкекке жеткирилет. 500 автобустун биринчи партиясы үстүбүздөгү жылы, кийинкиси 2024-жылы жеткирилет деп күтүлүүдө«, — деп айтылат маалыматта.

Анда кыргыз тарап борбордун транспорттук маселелерин чечүүгө багытталган 1000ден ашык заманбап, экологиялык жактан таза автобустарга ээ болору айтылат.

“Zhongtong bus Holding Co., LTD” компаниясы 1958-жылы негизделген жана 1971-жылы автобустарды чыгара баштаган, ал эми 2000-жылы Шэньчжэнь шаарында листингден (катталуу) ийгиликтүү өткөн.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты