Мамлекетке салык төлөбөгөн 44 тамада аныкталды

Мамлекетке салык төлөбөгөн 44 тамада аныкталдыСалык мыйзамдарын бузган жүздөн ашуун субъектти Салык кызматы аныктады. Ал субъекттер Салык төлөбөстөн той-тамашаларды ж.б. массалык иш-чараларда кызмат көрсөтүп  жүрүшкө.    

Атап айтсак, 109 субъект мамлекеттик каттоодон өткөн эмес, ыктыярдуу патенти жок болуп чыккан. Алардын арасынан 44 тамада, 36 сүрөтчү, 13 оператор, 10  бий тобу болгон.

Жалпысынан Бишкек шаары, Аламүдүн району, Ош, Жалал-Абадда 320 ишкердик тараптар текшерилген. Салык төлөбөй иштегендерден ошол учурда 769 миң сомдон ашык 211 патент  берилди.

Бул тууралуу Салык кызматынын басма сөз кызматы кабарлады.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты