Эки аялдама үчүн 844 миң сом төлөшкөн. Тамчы айыл өкмөт башчысы жана өнүктүрүү фондунун директору кармалды

  • 1 год мурун

Ысык-Көл районун өнүктүрүү фондунун директору жана Тамчы айыл өкмөтүнүн башчысы айылда аялдамаларды куруу ишине байланыштуу кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Көзөмөл органы билдиргендей, Тамчы айыл өкмөтүнүн башчысы Ф.К.Б менен Ысык-Көл районун өнүктүрүү фондунун директору Д.М.А. «Тамчы» эл аралык аэропортунун маңдайына курула турчу эки аялдама пунктунун курулушу баштала электе жана бул объекттер келишимге ылайык сапатта кабыл алынбагандыгына карабастан «Д.Л» ЖЧКсынын эсебине алдын ала 844 миң 100 сом акча каражатын которушканы аныкталган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) менен кылмыш иши козголгон.

Кылмыш иштин алкагында Тамчы айыл өкмөтүнүн башчысы Ф.К.Б. жана Ысык-Көл райондук өнүктүрүү фондунун директору Д.М.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда курулган объектилер боюнча соттук курулуш, техникалык жана башка экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүп жатат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты