Дастан Бекешевден бюджетти толтуруунун 5 сунушу

Дастан Бекешевден бюджетти толтуруунун 5 сунушуЖогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев өлкөнүн чыгымдары тууралуу фейсбук баракчасына жазып, анын ичинде мамлекеттик Жалпыга маалымдоо каражаттарына 613 млн сом каражат жумшала турганын, бул чыгымдарды кыскартуу керек экенин билдирип, бюджетти толтуруунун 5 сунушун айтты.

Мамлекеттик ЖМКга 613 млн сом кетет.Анын ичинде КТРК, ЭЛТР, “Мир” телеканалдарына, “Кабар” агенттигине, облустук теле радио компанияларга кетет (буга “Пирамида” телеканалына кеткен чыгымдар кошулган жок).

20 млн сом мамлекеттик лоторея компаниясына (эгер биз мурда лотореядан акча тапсак, азыр ал компанияны камсыздайбыз).

Булардын баары 2019-жылы салык төлөөчүлөрдүн эсебинен камсыздалат. Бул артыкчылыктуу багыттын жоктугу.

2019-жылдын бюджетине чыгымдарды кыскартуу боюнча мындай сунуш киргизем:

  1. Өкмөттүн кепилдиги менен 2000-жылдын 1-январына чейин компаниялардын карызынын 50 % ын, айып пул, үстөк, пайыздарын кечип койсо, бюджетке 800 млн сом түшөт.

Бул компаниядарды банкрот деп жарыялоодо жоюу процедурасын жүргүзгөндөрдү эле байытат,

  1. Майнинг жана криптовалюта ишин легалдаштыруу керек.

Салыкты өз эрки менен алуучу патент аркылуу төлөтүү керек. Мындай компаниялар бизде абдан көп, алардын баары салык төлөшпөйт. booking.com сыяктуу интернет компаниялардан салык алуу керек, алар киреше алып, бирок мамлекеттин кассасына эчтеке төлөшпөйт.

  1. Алкоголдук продукциянын жүгүртүлүшүн козөмөлдөө боюнча мамлекеттик бирдиктүү автоматташтырылган системаны токтото туруу керек. Бул мыйзамды аткаруу 272 млн сомду талап кылат. Алкоголду башка жол менен козөмөлдөсө болот.
  2. Күйүүчү-майлоочу майлардын жүгүртүлүшүн GPS-навигации же электрондук байкоонун башка системалары аркылуу көзөмөлдөө керек.

Биз илгеркидей эле цистерналарды пломбалайбыз. Ал жакта коррупция бар экени анык. Коррупцияны өндүрүш көлөмү менен киргизилген жана сатылган майлар боюнча аныктайбыз. Алардын бир бөлүгү кайдадыр жоголуп жатат.

  1. ИИМдин бюджетин ачыкташ керек, жок дегенде жол коопсуздугун сактоо жаатында. МАИ айлык акысы, радардын баасы, кайгуул милициясынын штаты—мунун баары жашыруун.

Балким ал жакка каражат коротуп, бирок натыйжа ала албай жаткандырбыз?

Жашыруун болгон жерде, сөзсүз коррупция болот, -деди Дастан Бекешев.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты