ЕРӨБ жыл башынан бери Кыргызстанга 16 долбоордун алкагында 41 млн евро инвестициялаган

  • 1 год мурун

Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) жыл башынан бери Кыргызстанга 16 долбоордун алкагында 41 млн евро инвестициялады. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров аталган банктын президенти Одиль Рено-Бассо менен жолукканда билдирди.

Быйыл ЕРӨБ 16 долбоордун алкагында Кыргызстанга 41 млн евро инвестициялады. Өткөн жыл дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрү туш болгон глобалдык жана аймактык чакырыктардын таасири астында өттү. Экономикада рецессияны болжолдогон бир катар уюмдардын жана эксперттердин болжолдоолоруна карабастан, Кыргызстан өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча реалдуу экономикалык өсүштү 7% камсыз кылды. Ошол эле учурда биз келечекке оптимисттик көз караштабыз жана Кыргызстанда пландаштырылган реформалар бизге чоң бийиктиктерди багынтууга мүмкүндүк берет деп ишенебиз”, — деди Жапаров.

Жапаров Одиль Рено-Бассонун менен Алматы шаарында өтүп жаткан “Европа Биримдиги – Борбордук Азия” экинчи экономикалык форумунун алкагында жолукканын өкмөттүн басма сөз кызматы билдирген.

Анда тараптар ЕРӨБ алкагындагы кызматташууларды, анын ичинде унаа жолдору, каржы жана энергетика тармагын кененирээк талкуулашканы маалымдалган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты