Таласта мурдагы облус жана шаар башчысы коррупцияга шектелип кармалды

  • 1 год мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Таласта облус жана шаар жетекчилери коррупцияга шектелип кармалганын кабарлады.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, президенттин Талас облусундагы мурдагы өкүлү Н.Б.Н., Талас шаарынын мурдагы мэри Ш.А.А., Талас облусун өнүктүрүү фондунун директору Т.Э.Т., Талас райондук курулуш жана инженердик инфраструктура башкармалыгынын мурдагы башчысы С.С.О. жана «Ника КГ» ишканасынын өкүлү, А.у.А. Кылмыш-жаза кодексинин «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча кармалып, облустук милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

УКМК билдиргендей, кармалгандар Талас шаарындагы тигүү фабрикасын куруу боюнча атайылап пайдасыз келишим түзгөн жана «Ника KG» курулуш компаниясынын эсебине 25 млн сом мыйзамсыз которгон деп айыпталууда.

Аталган иш боюнча учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты