Ноокен районунда 50 орундуу төрөт үйү курулду

  • 1 год мурун

Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарында 50 орундуу төрөт үйүнүн курулушу бүткөрүлдү. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, оорукананын курулушу Ноокен районунун өнүктүрүү фонду тарабынан ишке ашырылды.

Долбоорго жалпы 57 млн сом сарпталып, анын 26 млн сому Финансы министрлиги аркылуу, 37 млн сому Кочкор Ата шаардык бюджетинин эсебинен каржыланган.

Бүгүнкү күндө төрөткана Кочкор-Ата шаарынын жана Момбеков, Бүргөндү, Достук айыл аймактарынын тургундарын тейлейт. Мекеменин шарттары жакшы жана жарандарды тейлөө үчүн даяр.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты