«Албек Ибраимов суракка алынган жок” дейт жактоочу

"Албек Ибраимов суракка алынган жок” дейт жактоочуАлбек Ибраимовдун жактоочусу Сергей Слесарев экс-мэр мурункудай эле айыпталуучу эмес, күбө катары өтүп жатканын билдирет. Ошол себептүү ал суракка да алынбай, жеке беттештирүүлөр да жургүзүлбөй жатканын айтты.

“УКМК тергөөсү кылмыш-жаза кодексинин ченемдерин дайыма бузуп жатат. Прокуратура да, соттор да, арыздарыма көңүл бурбай жатышат. Бул Албек Ибраимовго эле эмес, Кубанычбек Кулматовго да тиешелүү” деп айтты жактоочу.

Албек Ибраимовду Улуттук Коопсуздук Комитети кылмышка шектүү катары кармаган.

Атап айтсак,  “Дастан” ишканасындагы мыйзам бузууга байланыштуу шектелип, УКМКга 13-июнда сурак берип чыккан. Факты боюнча 30-майда Кылмыш-жаза кодексинин 171-беренеси («Кызмат абалын пайдалануу менен ишенип берилген мүлктү өзүнө ээлеп алуу жана коротуу») менен кылмыш иши козголгон.

Ибраимовдун биринчи орун басары Ренат Макенов менен мэриянын Жер ресурстары башкармалыгынын башчысы Урмат Мурзакановду УКМК 6-июлда жер мыйзамдарынын бузулушуна байланыштуу козголгон иш боюнча камакка алган.

 

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты