Шыкмаматов: “Өмүрбек Текебаевдин иши кайра каралышы керек”
- 6 лет мурун
- Иликтөөлөр
“Ата Мекен” фракция лидери Алмамбет Шыкмаматов Өмүрбек Текеабаевдин иши боюнча башкы күбө болуп өткөн россиялык ишкер, Мамлекеттик Думанын экс-депутаты Леонид Маевскийдин Россияда камалганына байланыштуу, кайра каралышы керек экенин билдирүүдө.
Белгилей кетсек, Интерфакс агенттиги 16-ноябрда, Мамлекеттик Думанын экс депутаты, бизге Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун соттук ишинин башкы айыптоочу күбө Ленонид Маевский кадыр-баркка доо келтирген маалыматы ачыкка чыгарбоо шарты менен 37, 5 млн доллар доолагандыгы үчүн камалганын билдирген. Сот Маевскийди 2019-жылдын 14-январына чейин камакка алууга чечим чыгарган.
Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов коррупция боюнча айыпталып, сегиз жылган эркинен ажыратылган. Алардын ишинде башкы күбө катары дал ошол Л. Маевский көрсөтмө берген.