Атамбаев «Азаттыкка» каршы берилген арызды чакыртып алууну сунуш кылды

Атамбаев "Азаттыкка" каршы берилген арызды чакыртып алууну сунуш кылдыМамлекет башчы Алмазбек Атамбаев Башкы Прокуратурадан «Азаттык медиасына» каршы берилген арызды чакыртып алуу жагын карап көрүүнү сунуштады. Бул тууралуу Президенттин маалымат саясат бөлүмүнөн кабарлашты. Эске салсак, Башкы прокуратура «Кыргыз Республикасынын ишмердүүлүгүнүн кепилдиктери тууралуу мыйзамга» ылайык, Президенттин аброюна шек келтирди деген жүйө менен айрым маалымат каражаттарына каршы доо арыздар берилген эле. Алардын катарында «Азаттык» дагы бар болчу. Буга чейин, 30-март күнү, Алмазбек Атамбаев менен «Азаттык медианын» жетекчилери жолуккан болчу.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты