Бүгүн күн жылуу болот
- 6 лет мурун
- Иликтөөлөр
19-ноябрдан 23-ноябрга чейин Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы:
Бугун, 19-ноябрда, Кыргызстандын аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн -7…-12, күндүз 7…12;
Таласта түнкүсүн -4…-9, күндүз 6…11;
Баткенде түнкүсүн -1…+4, күндүз 9…14;
Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн -3…2, күндүз 9…14;
Ысык-Көлдө түнкүсүн -4…-9, күндүз 4…9,
Нарында түнкүсүн -12…-17, күндүз 0…5 градус болот.
Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Түнкүсүн жана таңга жуук туман түшүшү ыктымал. Абанын температурасы түнкүсүн -10…-12°, күндүз 7…9 градус жылуу болот.
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!