Роза Отунбаеванын Индиядан Жээнбеков Сооронбайга жазган салам каты

Роза Отунбаеванын Индиядан Жээнбеков Сооронбайга жазган салам каты

Экс -президент Р. Отунбаева Президент Сооронбай  Жээнбековду 60 жылдык мааракеси менен куттуктаган катын Индиядан жиберди.

Экс-президент Отунбаева  Индияда жогорку деңгээлдеги эксперттердин жыйынын өткөрүп жүргөндүгүнө байланыштуу Президенттин мааракесине байланыштуу куттуктоосун  алыстан жазып жибергендигин «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык фонду кабарлады.

Р. Отунбаева С. Жээнбековдун саясий жана мамлекеттик ишмердиги эгемендүү Кыргыз Республикасынын жаңы түптөлүү мезгилине, өткөн 27 жыл ичиндеги оор сыноолордун жана чукул бурулуштардын учуруна туш келгенин, өткөөл мезгил аны такшалтканын куттуктоо катында жазып жиберген.

“Сиздин жетекчилик менен көйгөйлүү реформалар аягына жеткирилип, өлкөбүздө парламенттик демократия биротоло бекемделип, коомдо акыйкаттык орноп, адамдын укуктары менен эркиндиктери толук камсыз болот деп ишенем.

Сиздин түйшүктүү ишиңизге ийгилик каалайм! Кыргыз Республикасы өсүп-өнүгүп, элибиз тынчтыкта бакубат жашоого жетсин!” деп жазган Роза Отунбаева куттуктоосунун аягында.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты