Санариптик өзгөрүү жыйыны өттү

Санариптик өзгөрүү жыйыны өттү«Санариптик Кыргызстан — 2019-2023 санариптик трансформация программа Концепциясы» бүгүн, 17-ноябрда,  Тегерек столдо талкууланды. 

Иш- чаранын максаты- санариптик өзгөрүү боюнча мыкты чечимдерди издөө,  өнүктүрүү болуп саналат.

Аталган программа Концепциясы өлкө Президентинин тапшырмасы менен кызыкдар бардык тараптардын катышуусу менен  иштелип чыккан.

Тегерек столго Жогорку Кеңештин депутаттары, Өкмөт мүчөлөрү, санарип  тармагындагы эксперттер, ошондой эле эл аралык уюмдардын жана дипломатиялык корпустардын өкүлдөрү катышты.

Коопсуздук Кеңешинин катчысы Дамир Сагинбаев санариптик экономика жана инновациялык технологияларды колдонуу өлкөнүн атаандаштыкка туруштук беришин, калктын коопсуздугун,  бакубатчылыгын шарттайт деп белгиледи.

Президенттин кеңешчиси Дастан Догоев  аталган Улуттук программанын Концепция долбоору менен тааныштырды. Экономика тармагынща, мамлекеттик башкарууга жаңы технологияларды киргизүү, санариптик мамлекеттик кызматтарды түзүү, иновацияларды киргизүү, эл аралык тажрыйбаны эске алып,  компетенция борборлорун, инновациялык кластерлерди, жаңы мүмкүнчүлүк, шарттарды түзүү тууралуу айтып берди.

Тегерек стол  Коопсуздук Кеңешинин катчылыгы, Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитети жана «Интернет саясатынын жарандык демилгеси» коомдук фонду менен биргеликте БУУнун Кыргызстандагы өнүктүрүү программасынын колдоосу менен өткөрүлдү.

Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты