Студенттерге кулак кагыш

Бүгүн 17-ноябрь, студенттердин эл аралык күнү. Азыркы студент ким? Анын кандай түйшүктөрү жана мукүнчүлүктөрү бар деген суроого жооп издеп, борбор калаабыздагы ЖОЖдордо билим алган студенттер менен маек курдук.

Айдана Топчубаева,

 Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин  4-курсунун студенти:

 “Студенттин образы өзгөрдү”

Студенттерге кулак кагыш

—Азыркы студенттердин жашоо образы, дегеле алардын статусу такыр башкача сезилет. Башкача дегенде мисалы, мурун студенттер бир гана билим алып, толтура китеп окуп, өздөрүн кесиптик жактан даярдашса, азыркы мезгилде студенттер практикада жөндөмүн көрсөтүүгө аракет жасашат.

Мисалы, кошумча тилдерди, техникалык жетишкендиктерди үйрөнүп, өзүнүн кесибин практикалык жактан сынап, ошол жактарга көбүрөөк басым жасагандай сезилет. Кесип ээси болуу үчүн тытынып окугандан сырткары, адамдар менен тил табыша билүү, тил жөндөмдүүлүктөрү, техниканы билүү, уюштуруучулук жагы каралышы да мүмкүн.

Бул, албетте, кесиптин өзгөчүлүгүнө жараша болот.

“3-курсту буткөндө иштей баштадым”

—Чынын айтыш керек, азыр китеп окуган студенттер аз. Себеби, көпчүлүк студенттер иштегенине байланыштуу деп ойлойм. Азыркы  студенттердин көбү эле биринчи курстан баштап кошумча жумушта иштейт. Анан алаксытуучу нерселер дагы көп да. Ошол эле социалдык тармактар, оюндар. Мурун андай жок болгондуктан студенттер көбүнчө китеп окуу менен убактысын өткөрүшкөн.

Мен өзүм 3 -курсту бүткөндөн баштап иштедим. Азыр 4-курстамын, сабактарым деле көп эмес. Ага чейин  сабактарды алып бүтүргөм. Сабакка жетишүү жагынан көп деле кыйналган жокмун. Бирок, жумушта кыйынчылыктар болду. Жумушка жаңы кирип,  көбүрөөк иштеп, батыраак үйрөнгөнгө аракет кылып жаттым. Азыр өзүмө жетиштүү каражат табам.

Адина Эсентурова:

“Студент болуп туруп  иштеген оңой эмес”

Студенттерге кулак кагыш

—Бишкектеги ЖОЖдордун биринде 3-курста окуйм. Эс алуу күндөрү кафеде официант болуп иштейм.

Студенттин да түрү болот го; китептен баш көтөрүп, китепканадан чыкпаганы, окууга сессия убагында эле барганы, сырттан окууга, контракт же бюджеттин негизинде окуганы ж.б. Мага окшогон студенттер өтө көп. Карасаң баары эле окуп да, иштеп да жаткан болот, коомдук иш-чараларга катышып жүргөнүн көрөсүң.

Студент болуп туруп, ошол эле кезде иштеген оңой эмес. Ыңгайлуу график түзүү,  тапшырмалар, дене-бой жагынан күчтүү болуу, азыраак уктоо,  чыдамкайлык жана башка бир катар талаптарга жооп берүү керек.

“Режимге көнгөндөн кийин оңой”

—Бирок ошол режимге көнгөн соң кыйынчылык байкалбай калат. Өзүңдү- өзүң каржылаганга, университеттин сыртында өзүнчө жашоо бер экендигин билдирет.

Бир эле сабак же бир эле оюн деп жүрө бербесең, убакытты пайдалуу өткөрүү жолдорун үйрөнөсүң.

Студент  иш деп жүрүп окуусун таштап койгону да туура эмес. Экөөнү бирдей алып кете алсы, зыяны жок.
Азыр студенттер жөн турбайт. Жөн эле университетке барып-келип  жүрбөй ар нерсеге умтулуш керек.

Азыр студент дипломго ээ боло электе өз дараметин  көрсөтүп, кайсы бир иш менен алектенүүгө мүмкүн болорун көрсөттү. Каалоо менен, убакытты туура бөлүштүрүп жана ар бир нерсени чын жүрөктөн жасоо керек.

“Бир орунда отура бербей чуркаган жагат”
— Мен студенттик клубдарда иштедим.  Азыр кафеде иштейм. Түнкү мөөнөттө.  Башында ,албетте кыйналгам, уйкудан калып жүргөндө же коноктордун кыял -жоруктарына чыдабай ыйлачумун.

Бүт денем ооруп,  кыйналгам. Азыр көндүм. Окуума жолтоо болбойт. Кандай гана жумуш болбосун, анын көзүн билип иштеп кете алганың дагы өзүңдөн. Учурда эс алуу күндөрү иштеп, керектүүлөрүмдү камсыздап алганга жарайт. Тескерисинче, иштегенден бери «жандуу» болуп калдым. Көп нерсе көрүп, байкап, сабак аласың.

Өзүңдү- өзүң камсыздаганы ата-энеге берген жардамы эмеспи.  Өз каражатың бар, аны иштетесиң. Дегеле, графигиңдин толуп  турганы сонун.
Эртең менен сабакка, андан чыгып тил үйрөнүү  курсуна, студенттик клубдарга барып макала жазып, кайра кечинде жумушка кетип калчумун. Бирок мага ушундай жашоо жагат.  Отура бербей чуркаган жагат.

Ариет Эгембелдиев:

“Чарчап сабакка барбай калган, сабакта уктап калган күндөр болгон”

Студенттерге кулак кагыш

Мен “Сапат” лицейин бүтүргөм. Учурда бишкектеги ЖОЖдордун биринде Эл аралык мамилелерди өздөштүрүп жатам. Ошондой эле дебаттык клубка барып, эл алдында сүйлөө жөндөмдүүлүгүмдү артырып жатам. Мындан сырткары чакан дүкөндү иштетип жатам. Менин окуум биснеске аралашышыма түрткү болду. Дүйнөлүк аренада бизнесмендер таасирдүү экенин тушүндүм. Бир туугандарым менен чогуу жашап жургөндө байкем келип айтып калды, “Жаныбыздагы дүкөн жабылып жатыптыр” деп. Анан ойлонуп көрүп өнүктүрүп кетсе болоорун түшүндүм. Иним дагы колдоп, үчөөбүз чогуу иштетүүнү чечтик. Иним экөөбүз студент, байкем магистрант болчу. 200 000сомдун тегерегинде каражат кетти. Экинчи жагынан окуу дагы бар да. Ошондуктан башында аябай кыйналдык. Чарчап сабакка барбай калчумун, сабакта уктап калчумун. Азыр баардык тармакта конкуренция күчтүү болгондуктан, студенттерге бир топ эле оор. Бирок, ага болгон көз каршка байланыштуу. Эгерде аны өнүгүүгө стимул катары карасаң, оң таасирин бериши мүмкүн. Мне өзүмдөгү жөндөмдүүлүктөрдү дебат аркылуу өнүктүрө алдым. Чакан бизнесимдеги оригиналдуулук дагы дебаттагы үйрөнгөн технологиялардан келип чыкты.

Ырысбү Кылычбек кызы

 

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты