Кытайда акысыз окуу мүмкүнчүлүгүн алуунун жолу

Кытай Эл Республикасынын Конфуций институтунун стипендиялык программасы;

Кытай билим берүү сапаты боюнча алдыңкы орунду ээлеген өлкөлөрдүн бири. Ошол себептен бул өлкөдө окууну каалаган кыргыз жаштары аз эмес.

Кытайда акысыз окуу мүмкүнчүлүгүн алуунун жолу

Мүмкүнчүлүктөрү:

  • Бекер окуу;
  • Авиабилеттер программа тарабынан төлөнөт;
  • Медициналык камсыздандыруу акысыз;
  • Жатаканага жайгаштыруу акысыз;
  • Ай сайын төлөнүүчү стипендия: бакалавр үчүн 2500 юань, магистратура 3000 юань.

Талаптары:

  • Чет өлкөлүк жаран болушу керек (Кытайдын жарандары катыша албайт);
  • 16-35 жаштагы жарандар катыша алат;
  • Ден соолугу чың болушу керек;
  • Бакалаврга тапшыруу үчүн орто мектепти аяктаган, жашы 20дан ашпашы керек;
  • Магистратурага тапшыруу үчүн бакалавр даражасына ээ, жашы 45тан ашпашы керек;
  • Академиялык жетишкендиги жогору болушу керек. Магистратура үчүн HSK (Кытай тили боюнча билимин тастыган документ) сертификатынын даражасы 5тен кем эмес, бакалвр үчүн 3төн кем эмес болушу шарт.

Окуу мөөнөтү:

  • Магистратура- 2 жыл;
  • Бакалавр 4 жыл;

Катталуу үчүн cis.chinese.cn сайтына кирип, атайын форманы толтуруу керек. Ал формага талап кылынган документтер тиркелиши керек. Документтер текшерилгенден кийин, тиешелүү ЖОЖдорго жөнөтүлөт.

Жыйынтыгында бардык талаптарды аткарган катышуучулар университеттер тарабынан тандалып алынат.

Керектүү документтер:

  • Жалпы жарандык паспорттун (загранпаспорт) сканерден өткөрүлгөн варианты;
  • HSK, HSKK же ВСТ сертификаттары;
  • Сунуш кат Конфуций институтунун директору тарабынан жазылышы керек;
  • Эскертүү-документтер студент тандаган даражага жараша өзгөрүшу мүмкүн.

Алтынай Абирова,  “Конфуций”  Кытай Эл Республикасынын стипендиялык программасы боюнча окуган:

Кытайда акысыз окуу мүмкүнчүлүгүн алуунун жолу

—Мен Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Туура-Суу айылында төрөлүп- өскөм. Ошол эле айылдын Тайлаков атындагы орто мектепти бүтүргөм.

Андан кийин Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин кытай тили бөлүмүн аяктагандан кийин Шанхай шаарындагы “Шанхай” чет тилдер университетинде магистр даражасында окудум.

Университетте окуп жатканда БГУдан келген ыктыярчы мугалимдер аркылуу аталган программа тууралуу угуп калдым. Жыл сайын март, апрель айларында кытай тили боюнча экзамен болуп турат (HSK). Ошону тапшырып өтүп кеткем.

Бул аябай маанилүү экзамен. Эң жогорку 6 деген даражасына жетсен, тиешелүү документтерди чогултуп, оңой эле тапшырса болот. Кээ бирлери”Акчаң болбосо, акча бербесең эч жакка тапшыра албайсың” деп ойлошот. Мен ага таптакыр кошулбайм.

Аракет кылсаң ал сөзсүз бааланат. Мисалы, мен тил үйрөнүү үчүн 2014-жылы дал ушул программа аркылуу келип, бир жыл окуп кеткем. Кытай тилин тандаганыма байкем себепчи болгон. Ошол учурда Манас университетинде кытай тили бөлүмү жаңыдан ачылган болчу. Байкем ошол жакка тапшыр деп сунуштаган.

Эң негизгиси Кытайга кетем дегенде ата-энем каршы болгон жок. Тескерисинче менин тандоомду сыйлап, ушул убакка чейин колдоп келишет. Анкени, ата-энем, эжем мугалим болуп иштейт. Мен дагы кытай тилин башкаларга үйрөтүп, мугалим болууну кыялданчумун. Буйруса кыялыма жеттим.

Ал жакта окуп жүргөндө көп жакшы нерселерди үйрөндүм. Мисалы, биздин группада 18 мамлекеттен келген, 38 студент окучу. Алардын ар бири менен достошуп, алардын маданияты, өлкөсү тууралуу маалымат алдым.

Ошондой эле көпчүлүгү кытай тамактары десе эле курт-кумурсканы элестетишет. Эң биринчи жолу тил үйрөнгөнү келгенде, менде да андай ойлор болгон. Бирок биз жеп жүргөн эле эт, сүт, нан деле бар ал жакта.

Кытайдын жолдору паралелдүү эмес, айланган тегерек болгондуктан, көп адаштым. Азыр деле бир жакка барыш үчүн картаны ачып алам. Ал болбосо барчу жерибизди таппай айланып жүрө беришибиз мүмкүн.

Эсимде бир жолу сабак боюнча тапшырма берилген. Бул жакта жашы өтүп калган адамдар парктарга барып, топ-топ болуп бийлешет. Ошолордон интервью алышыбыз керек болчу. Тапшырманы аткарып алып, үйгө келе жатканда бир жерди 3 саат бою айланып жүрө бериптирбиз. Араң дегенде үйдү таап келгенбиз.

Аталган стипендия боюнча окуп келгенден кийин, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинде кытай тили боюнча мугалим болуп иштеп жатам.

Ырысбү Кылычбек кызы

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты