Юридикалык тарап онлайн тартибинде каттоого алына баштады

Юридикалык тараптарды онлайн тартибинде каттоого алуу тууралуу чечим Өкмөттө 15-ноябрда кабыл алынды.

Өкмөт юридикалык жактарды онлайн каттоону тесттик режимде киргизүүгө байланыштуу  Юстиция министрлигине, Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитети менен бирдикте маалымат базасын жаңыртуу, маалымат тутумун иштеп чыгууну тапшырды.

Ошону менен бирге Социалдык фонд, Салык кызматы жана Статистикалык комитет менен бирге тесттик онлайн режимде юридикалык (чет элдик) жактарды каттоону ишке киргизүү боюнча милдеттерди белгиледи.

Мамлекеттик кызматкерлерди юридикалык (чет элдик) жактарды онлайн-каттоо боюнча окутуу жана маалыматтык-түшүндүрүү кампаниясы жүргүзүлөт.

Бул тууралуу  Өкмөттүн маалыматтык камсыздоо бөлүмү кабарлады.

 

Юридикалык тарап онлайн тартибинде каттоого алына баштады

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты