Маданият кызматкерлери Болот Шамшиевди колдоду

Маданият кызматкерлери Болот Шамшиевди колдодуМаданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов СССРдин жана Кыргыз Республикасынын Эл артисти, белгилүү кинорежиссер жана актер Болот Шамшиев менен 16-ноябрда жолугушту.

Жолугушууда министр Азамат Жаманкулов кыргыз киносунун кереметине негиз салуучулардын бири Болот Шамшиевдин өзгөчө сиңирген эмгегин баса белгилеп, терең ыраазычылык билдирди.

“Кыргыз киносу бүгүнкү күндө Сиздей корифейлерге муктаж. Акыркы кездерде кино тармагы бир катар ийгиликтерди жаратып, кыргыз киносу дүйнөнү багынтууга аракет жасап жатат. Ал эми ошол жетишкендиктердин көч башында Сиз турасыз!

Жакынкы арада Сиздин башыңыздан өткөн окуяга жалпы маданият жана искусство кызматкерлери кайдыгер карап тура албаганын баса белгилеп, Болот Шамшиевге жалпы маданият жана искусство кызматкерлеринин атынан акчалай колдоо тапшырды.

Сүйлөшүү учурунда, Б. Шамшиев келечекте кандай иш – пландарын айтып, маданият тармагына бир катар теледолбоорлорун сунуштады.

Эскерте кетсек, 2018 – жылдын 8-ноябрь күнү кечинде Б. Шамшиев жашаган үйдүн короосунда токтотулган авто унаа уурдалган. Ал унааны Шамшиевге Чыңгыз Айтматов белекке берген экен. Кийинчерээк, автоунаа Чүй облусунун Молдовановка айылынан өрттөнгөн абалда табылган.

Айтылуу кинорежиссер  Болот Шамшиев 77 жашта. Ал тарткан «Караш-Караш окуясы», «Ысык-Көлдүн кызгалдактары», «Ак кеме», «Сүйүү жаңырыгы», «Эрте келген турналар» жана башка көркөм тасмалары күнү бүгүнкү күнгө чейин эфирден берилип, көрөрмандардын сүймөнчүлүгү болуп келет.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты